www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улукбек Марипов Кумтөр кенине барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын жамаатына убактылуу тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктү тааныштырды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады. Марипов Кумтөр кениндеги жумушчулар менен жолугуп, айрым суроолоруна жооп берди. Анын айтымында, кызматкерлер арасында кыскартуулар болбойт.

«Кен өз ишин токтотпойт жана ишин штаттык режимде улантат. Кызматкерлер тийиштүү төлөмүн алышат, эч кандай кыскартуулар тууралуу кеп да болбошу керек. Биздин негизги максат – карапайым элдин жашоо-турмушун жакшыртуу. Ачык-айкын жана таза ишибиз аркылуу гана биз ага жетише алабыз», - деди.

Теңгиз Бөлтүрүк «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун тышкы башкаруучусу кызматына Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун сунуштамасы менен дайындалды.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш 17-майдагы чечими менен Министрлер кабинетине «Кумтөр Голд» ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүнү тапшырган. Убактылуу тышкы башкаруу үч айлык мөөнөткө киргизилери, эгер зарыл болсо дагы үч айга узартылары парламенттин дүйшөмбүдөгү жыйынында айтылды.

Эске салсак, 12-майда депутат Акылбек Жапаров канадалык компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан. «Центерра» мындай дооматтарды четке кагып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости