www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын бир катар өлкөлөрдөгү жаңы дайындалган элчилери менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Мамлекеттин кызыкчылыгын чет жерде коргоо – бул абдан жооптуу жана жогорку миссия. Сиздерден жана сиздердин кесипкөйлүгүңүздөрдөн эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүүсү жана чыңдалышы көз каранды. Сиздер алдыга коюлган милдеттерди мыкты аткарасыздар деп ишенем, анткени ар бириңиздер мамлекеттик жана дипломатиялык кызматта чоң иш тажрыйбаңыздар бар», - деди Марипов.

Ал саясий жана ишкер чөйрө менен конструктивдүү өз ара аракеттешүүнү түзүү менен катар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө басым жасоо зарыл экенин белгиледи.

«Кыргыз Республикасы кызматташууга ачык жана кыргыз экономикасына инвестициялоого умтулган инвесторлорду колдоого алууга даяр. Энергетика, транспорт, тоо-кен өндүрүү, жеңил, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы, айыл чарба, туризм жаатындагы долбоорлор биз үчүн артыкчылыктуу мааниге ээ. Өзгөчө көңүлдү чет элдеги мекендештерибиздин укугун жана кызыкчылыгын коргоого буруу керек. Сиздер жана элчиликтин кызматкерлери кыргыз диаспораларынын мүчөлөрү менен тыгыз аракеттешип, мекендештерибиздин жаралган көйгөйлөрүн чечүүдө колдон келген көмөгүңүздөрдү беришиңиздер керек. Бул сиздердин ишиңиздердин маанилүү бөлүгү болуп саналат», - деди Улукбек Марипов.

Жолугушууга төмөнкү элчилер катышты:

- Бейшеналиев Алмазбек — Женева шаарындагы Кыргыз Республикасынын БУУ жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү, Швейцария конфедерациясы;

- Базарбаев Таалай — Кыргыз Республикасынын Италия Республикасындагы элчиси;

- Карагулов Азамат — Кыргыз Республикасынын Кувейт мамлекетиндеги элчиси;

- Султанов Талант — Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы элчиси.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости