www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Президентти жаакка чапкан жаран кармалды

Француз президенти Эммануэл Макронду 8-июнда өлкө түштүгүндө эл менен жолугушууда чогулгандардын бири жаакка чапты.

Социалдык тармактарга жарыяланган видеодо Макрон эл менен саламдашып жатканда, арасынан бир адам президентти бетке чаап, "Макрония жоголсун!" деп кыйкырганын көрүүгө болот.

Көп өтпөй Тэн-Л'Эрмитаж шаарына жасаган сапарынын маалында Макрон окуяга комментарий берди:

"Бул акылсыздык. Акылсыздык зомбулук менен коштолгондо кабыл алынгыс болуп калат".

Макрон ошондой эле "демократияда жек көрүүчүлүк менен зомбулукка орун жок экенин" белгиледи.

"Рейтерс" агенттиги полициядагы өз булагына таянып, эки адам камалганын жазды. Макронду жаакка чапкан кишинин аты-жөнү жана ал эмнеден улам бул кадамга барганы беймаалым.

Окуяны бир топ саясатчылар, анын ичинде оңчулдардын лидери Марин ле Пен да сынга алып, зомбулукка жол берилбеш керек экенин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости