www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2016-2017-жылдардагы өлкөнүн дүӊ өнүмү менен накталай акча массасынын кыймылына жүргүзүлгөн талдоолор накталай акчанын кыйла өсүп датканын көрсөттү. Накталай акчанын көлөмү ички дүӊ өнүмгө карата 2016-жылы 23,8 пайызга, ал эми 2017-жылы 17,2 пайызга өсүшү, бул мезгилде көзөмөлдөн тышкары калган экономиканын өсүү деӊгээлинен кабар берет.

Бул тууралуу эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.

«Биздин экономикабыздагы накталай акчанын өсүшү кирешенин өсүп жатканынын бир белгиси. Эгерде Экономика министрлиги, Улуттук банк, Өкмөт бул багытта биргелешип иш алпара турган болушса, бул кирешелердин артында көмүскө экономика турганын даана байкамак», - деди эсептөө палатасынын башчысы деп билдирет Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости