www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шаршемби күнү Белград шаарындагы «Райко Митич» стадионунда Улуттар Лигасынын тайпалык баскычынын VI турдук оюнунда Сербия курамасы Орусияны өз үйүндө кабыл алып, оюн 5:0 эсебинде үй ээлеринин пайдасына аяктады.

Голдорду Неманя Радонич (10-мүнөттө), Лука Йович (25, 45-мүнөттөрдө), Душан Влахович (40-мүнөттө), Филип Младенович (64-мүнөттө) киргизди.

Бул Станислав Черчесов үчүн Орусиянын курама командасына башкы машыктыруучу болуп дайындалгандан берки эң ири жеңилүү болду. Оюндан кийин Черчесов: «Маселе менде эмес, негизи турнирди башында жакшы баштаганбыз, бирок жакшы жыйынтыктай алган жокпуз. Бүгүнкү беттеш команда менен ойноо керектигин көрсөттү», — деди.

Белгилей кетсек, Орусия курамасы 2004-жылы да ушундай жеңилүүгө дуушар болгон. Анда дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюнунда Орусия Португалияга 7:1 эсебинде утулуп калган. Жыйынтыгында башкы машыктыруучу Георгий Ярцевдин ордуна Юрий Семин дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости