www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу акын Александр Пушкиндин Петр Чада­ев деген ойчул замандашы болгон. П. Чадаевдин эмгектери кылымдап жашырылып жатып, Горба­чевдун мезгилинде жарыкка чыга баштаган. Ал өзүнүн “Философиялык дептер” деген эмгегин­де “... биз орустар Европага же Азияга таандык эмеспиз. Башка элдердей мактанаар мадания­тыбыз жок...”-деп чын дилиненби, күйүп жазга­ны бар. Биз деле айрыкча 20 жылдай бою бою өзүбүзгөөзүбүз таандык болбой (же Батыш же Чыгыш эмес) улам деградациялангандай эле бо­луп келдик. Сезсек да олуттуу көңүл бөлө албай...

Улуттун улут экендиги анын саясатында же экономикасында эмес, анын тилинде, тарыхын­да, бай маданиятында, салт-санаасында. Азияда азыр экономикасы дүркүрөгөн, 1, 5 миллиардга жакын Кытай эли деле, 6 миллион кыргыз деле байыртадан жанаша жашап келе жатат. Калктын саны жагынан астрономиялык айырмачылык болсо дагы, кыргыздын улут катары жашап келе жатканынын себеби- анын көөдөнүндө жашап келе жаткан улуу маданиятында! Ушул эле Ази­яда өзүнүн терең, маңыздуу баалуулуктары жок элдер жоголгон улут катары жер бетинен шы­пырылып ташталганын карт тарых билет. Бай­ыркы тарыхты гой, орто кылымдын башында эле кыргыздар менен жоолашып келишкен тур­гоштор, кара кытайлар, каралуктар, наймандар кайда азыр?

Кыргызды улут катары сактап келе жаткан бир эле “Манас” эпосу эмес, ал-комуздун миң кайрыл­ган күүлөрү. Муса, Мыскал сыяктуу ырчылардын кайталангыс үндөрү. Бул үндөр, “Көкөй кести”, “Сынган бугу” сыяктуу комуз күүлөрү кыргызга гана таандык. Эч кимге эмес. Табияттын улуу мыйзамдары ошондой жараткан. Маселен, баш­ка элдерди албаганда өңү, тили, менталелитети окшош болгон казак элинин ырчысы эч качан Муса же Мыскал боло алышпайт. Адамдын жөн­дөмү, ниети болсо, акылы болсо материалдык байлыкты (экономика дегеним) жасап чыгарса болот, бирок өткөн мезгилдердин рухий байлы­гындай байлыкты жасоо мүмкүн эмес.

... Кимдир бирөөлөр экономика көтөрүлгөндө улуттук маданиятка да көңүл бөлүнөөр-деп ай­тышы мүмкүн. Эң жаманы- элдин рухий мадани­ятын баалай албаган жан эч качан экономиканы да көтөрө албайт. Улуттун башка элдердин ал­дында кадыр-баркын, материалдык байлык эмес, ириде нарктуу маданий дөөлөттөрү көтөрүп ту­рат. Адамзаттын тарыхы муну небак далилдеген.

Токо Мамбетов

Булак: "Айгай"

Последние новости