www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук банк 19,6 млн. доллар сатты

Улуттук банк 25-сентябрда валюта рыногунда интервенция жасап, 19,6 миллион АКШ долларын сатыкка чыгарды. Бул тууралуу мекеменин сайтында кабарланды.

Башкы каржы көзөмөл мекемеси акыркы жолу 23-сентябрда 11,2 миллион доллар саткан. Бул аракет улуттук валюта – сомду колдоо максатында ишке ашууда.

2020-жылдын башынан бери валюта рыногунда ушуну менен жалпы 12 интервенция жасалып, сатылган доллар 258,2 миллионду түздү.

Акыркы кезде Кыргызстанда доллардын сомго карата курсу жогорулап жатат. 26-сентябрда бир доллардын наркы расмий түрдө 79,49 сомго бааланууда. Талдоочулар соңку эки жумада доллардын курсу 79 сомдон ашып кеткени валюта рыногундагы жеңил дүрбөлөңгө негиз болгонун белгилешти. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости