www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Анталиянын Коркутели шаарында 24 жаштагы жигит өзүн мылтык менен атып өлтүрдү. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, окуя 23-сентябрда саат 23.00 чамасында Коркуткели шаарынын Сөргүт районунда болгон. Угур атту жигит кечинде агасы Рамазанга “Биздин бал челектер турган жерден мени алып кет”- деп смс жазган. Аны окуган Рамазан кайра инисине телефон чалса албай койгон кезде аны дароо издөөгө түшкөн.
Рамазандын айтуусу боюнча, ал айтылган дарек боюнча барганда Угурдун мылтык менен көкүрөгүнө атылып, кансырап жаткан. Аны көрүп дароо жакынкы ооруканалардын бирине алып барган. Дарыгерлердин жасаган аракеттерине карабастан жигит каза болгон.
Ошондой эле ал так жүрөгүнө атканы белгилүү болгон.
Маркумдун сөөгү аутопсия жасоо үчүн Анталия Соттук Медицина Институтуна жөнөтүлгөн. Андан кийин гана маркумдун сөөгү жерге берилди.
Булак: NazarNews.kg