www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Көмүскө рыноктон" доллар алмаштыруу түрдүү кооптуу жагдайларды жаратат. Бул туурасында Улуттук банктын Банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Эрлан Абдраимов билдирди.

Ал мыйзамсыз акча алмаштырып жаткандардын ишине бөгөт коюуга жардам берүүнү өтүнүп укук коргоо органдарына кайрылышканын айтты.

"Жарандар интернет аркылуу же көчөдөн доллар сатып алууга аракет кылууда алдамчылардын тузагына түшүп, айрымдарын карактап кеткен учурлар бар. Мындай жактан акча алмаштыруу биринчи кезекте адамдын өзүнө кооптуулук жаратат. Биз көмүскө рынокто пайда болгон акча алмаштыруу жайларына каршы күрөштү жүргүзүп жатабыз", — деди Улуттук банктын өкүлү.

Аны менен катар Кыргызстанда чет элдик валюталарды алмаштыруу менен алектенгендер лицензия алып иштеши керектигин белгиледи. Мыйзамга баш ийбегендер Укук бузуу кодексине ылайык, 17,5 миңден 55 миң сомго чейин айып пул салынат. Ал эми Кылмыш-жаза кодекси боюнча мыйзамсыз ишкердик жүргүзүү беренеси менен жоопко тартылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости