www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир убакта Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда вакцина чыгаруучу ишкана ачам деп күпүлдөгөн. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев парламенттин отурумунда Кытайда жана Орусияда ойлонуп табылган коронавирустан эмдөөчү вакциналарды Кыргызстанда өндүрүү үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айткан. Жакында Кыргызстанга COVAX механизминин алкагында Pfizer-BioNTech компаниясынын COVID-19га каршы 100 миң 620 вакцинасы келди, бирок белгисиз себептер боюнча вакциналар эриткичи жок келген. Учурда себебин аныктоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кыргызстандын аймагынан тышкары чыгып жаткандардын бардыгы жана билетин алып алгандар (0703) 126 442 телефон номерине чалып, эмдөөдөн өтүү боюнча консультация ала алышат.
Америкалык Pfizer жана Германиянын BioNTech вакцинасы
Pfizer–BioNTech вакцинасы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан өзгөчө кырдаалдарда колдонуу үчүн жактырылган. Анын натыйжалуулугу 95% түзөт. Коргоочу таасири биринчи дозаны алгандан кийин 12 күндөн соң иштей баштайт, бирок толук коргоону камсыз кылуу үчүн эки доза менен эмдөө талап кылынат, ДССУ аларды 21-28 күн аралык менен алууну сунуштайт.
ДССУ COVID-19 инфекциясынын терс кесепеттерин эске алуу менен кош бойлуулук жана бала эмизүү учурунда Pfizer–BioNTech компаниясынын вакцинасын колдонууну сунуштайт. Pfizer–BioNTech вакцинасы мРНК негизинде түзүлгөн, вирустарды камтыйбайт жана адамдын ДНКсына таасирин тийгизбейт. Каршы көрсөтмөлөр: Вакцинанын кандайдыр бир компонентине анафилактикалык реакция. Эмдөөдөн кийин мүмкүн болгон терс таасирлер: ийне сайылган жердин кызаруусу жана оорушу, чарчоо, баш оору, дене табынын көтөрүлүшү, булчуңдардын жана муундардын оорушу, бул белгилер 3 күндөн ашык эмес убакытта өз алдынча жоголуп кетет.
Америкалык Pfizer 2020 – жылдын 21-декабрында Дары-дармек боюнча европалык агенттик тарабынан, 2020 – жылдын 31-декабрында Бүткүл дүйнөлүк салматтыкты сактоо уюму тарабынан колдоого алынган. Улуу Британия алгачкылардан болуп колдонуп, анын артынан Бахрейн, Сауд Арабиясы, АКШ, Канада сыяктуу мамлекеттер толук колдонууга бет алышкан. Америкалык Pfizer жана Германиянын BioNTech компаниясы кызматташкан соң Евробиримдик булар менен 200 миллион дозага жана кошумча 100 миллион дозага контракт түзүшкөн. Ал эми 2021-жылдын январында дагы 300 миллион дозага контракт түзүштү. Америкалык Pfizer жана Германиянын BioNTech компаниясы чыгарган вакцина 2021-жылга карата 2 миллиард дозага жеткизүүнү пландап жатышат.
Американын Pfizer компаниясы жана Германиянын BioNTech компаниясы чыгарган дары менен эмдөө Норвегияда ушул жылдын башында башталган. Норвегиянын Дары-дармек агенттиги эмдөөдөн кийин 23 адам каза болгонун билдиришкен. Ослодогу карылар үйүнүн жашоочулары биринчилерден болуп эмдөөдөн өтүштү. Жыл башында ар башка калктуу конуштарда үч адамга эмдөө жүргүзүлүп, үч адам өлүмү катталган. Учурда кырдаалды иликтөө үчүн тергөө иштери жүрүп жатат.
Sinopharm кытай вакцинасы
Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ван Вэнби, өлкөнүн вакциналары "эл аралык коомчулукта өзүнүн коопсуздугу жана эффективдүүлүгү менен таанылып, жакшы абройго ээ болду" деп билдирди.
Кытайдын эки негизги Covid-19 вакцинасы - Синовак (Sinovac) жана Синофарм (Sinopharm) менен эмделген калктын арасында инфекция жайылып, ал тургай өлүмдөр да катталып жатканы тууралуу терс жаңылыктар көңүл чордонунда илинди. Ушундан улам вакциналардын таасирдүүлүгү жөнүндө суроолор жаралды, бирок адистер бул вакциналар көп адамдын өмүрүн сактап калгандыгын да белгилешти. Эки вакцина тең жарды жана орто кирешелүү өлкөлөрдө кеңири колдонулат, андыктан анын кесепети чоң болушу мүмкүн.
Кытайда даярдалып жаткан бул вакцина менен кытайлык миллиондогон адамдар эмделишти. Бириккен Араб эмираты 3 миллион дозага буюртма беришкен. Пакистан, Бахрейн 1 жарым миллион дозага. Бирок Пакистандын премьер-министри Имран Хан бул вакцинаны алган соң коронавирус менен ооруп калганын маалымат билдирген. Учурда Кытай Ухан шаарында Sinopharmдын түгөйү Sinovac даярдалып жатат. Кытай 300 миллион доза иштетүүгө аракет кылып жатат. Анткени Сингапур, Түркия, Бразилия, Чили жана Индонезия сыяктуу мамлекеттер буюртма беришкен.
«Спутник V» орус вакцинасы
Бул вакцина 2020-жылдын 11-августунда катталган. Бүгүнкү күнү дүйнө жүзүнө кеңири тарап жаткан вакцина «Спутник V» болуп эсептелет. Орусиянын президенти Владимир Путин башкаларга үлгү болуу үчүн бул вакцина менен эмделди. Дүйнөдө элүүдөн ашык мамлекет "Спутник V" вакцинасын колдонуу чечимин чыгарган. Анын ичинде Кыргызстан да бар. "Спутник V" вакцинасын оңой менен бир нерсени жактырбаган европалыктардын тездик менен жактырышып "орус рулеткасына" салыштырышы чоң үмүттөрдү пайда кылып турат. Негизи эле Европа орусиялык препаратка кызыгуусун жашырган жок. Европа биримдигинин мамлекеттери медикаменттин европалык рынокко чыгарышпай Дары-дармек боюнча европалык агенттиктин уруксатын алганча күтөт. Бир гана дурус эмес жагдай медицина да саясатка байланып алган, Дары-дармек боюнча европалык агенттиктин жетекчилери саясий көз караштары боюнча эки анжы болуп турат. Анткени бул препарат канчалык деңгээлде жакшы болгону менен бул препаратты АКШнын саясий атаандашы Орусия жасап чыгарып жатпайбы?
Канткен күндө да Брюсселдин вакцина жаатындагы көйгөйлөрү көбөйүп баратканын эске алсак, кылдат ойлонулган, учурдун идеологияларына толук туура келген европалык пландарынын таш-талканы чыгарышып кээ бир саясатчылар "Спутник V" вакцинасын колдонууга чакыра баштады. Орусиялык жана башка өзүнө "ылайык эмес" препараттарды жаратпай коюу боюнча борборлоштурулган жол-жобонун ордуна Дары-дармек боюнча европалык агенттик "Спутник V" вакцинасын сертификациялоо үчүн экспертиза процессин баштоого мажбур.
Болгондо да аталган препараттын Германия башында турган таасирдүү колдоочу топ бар. Европа биримдигинде эмдөө жагдайы ушунчалык татаал, ошондуктан Европа комиссиясы Брюсселдин уруксаты болбогон өндүрүшчүлөрдөн да препаратты өлкөлөрдүн өз алдынча сатып алуу укугун тааныды. Ал эми маалымат каражаттары "Европанын чордонунда Путиндин пропагандалык ийгилиги" тууралуу гана эмес, европалык стратегиянын кемчиликтери жөнүндө да ачык эле жаза башташты.
Коронавирустан өлүм саны боюнча дүйнөдө биринчи сапка чыккан Сан-Марино деген мамлекет орусиялык "Спутник V" вакцинасын биринчилерден болуп каттаган себебин жазып чыкты. Пандемиядан катуу жабыркаган өлкө бийлиги ЕБдин борборлоштурулган каналдары аркылуу вакцина алуу аракетинде Брюсселдин бардык каалгаларын каккылаган. Майнап чыккан эмес. "Ошондуктан биз Орусия Федерациясына кайрылып, ушундай жол менен "Спутник V" вакцинасын алууга жетиштик" дешет.
Ушундай эле дагы бир мисал – Италиянын активдүү аракеттери. Бир нече апта мурун ЕБде вакцинаны экпорттоого бөгөт коюуга жол берген механизм киргизилди. Италиялыктар бул процедураны алкачкылардан болуп колдонуп отурат. Австралияга италиялык Ананьи шаарындагы ишканада өндүрүлгөн өз препаратынан 250 миң ченемди жөнөткөн. Ошону менен бирге эле Австралияда COVID-19 жагдайы Европага караганда кыйла дурус, илдет жуктургандардын саны салыштырмалуу төмөн. Италиялык активдүүлүк муну менен чектелбеди. Эки күн мурун Орусиялык түз инвестициялар фонду менен Adienne Pharma&Biotech компаниясы "Спутник V" вакцинасын Италияда өндүрүү боюнча макулдашууга кол коюшту. Бул Европада ушундай өңүттөгү биринчи документ болуп калды.
Швед-англиялык Oxford AstraZeneca вакцинасы
Oxford университетинде швециялык жана британиялык окумуштуулар тарабынан иштелип чыккан. Бул вакцина Улуу Британияда, Индияда, Аргентинада колдонулуп жатат. Италиянын ушул айда AstraZeneca технологиясы боюнча өз өндүрүшүн ачууга чейин колундагы 300 миң ченемди жеткире алат. Ошондуктан италиялык бийлик бул партияны экспорттоо өтүнүчүн жөн гана четке какты. Ал эми өлкөнүн премьер-министри Марио Драги ЕБди вакцина менен жабдуу боюнча келишимдик милдеттенмелерин аткарбаган компанияларга бир топ катаал чара көрүүгө чакырды. Бул антирейтингде AstraZeneca алдыңкы сапта турат.
Америкалык Modern вакцинасы
Өткөн жылдын декабрында АКШ, 2020-жылдын 6 январында Евробиримдик колдоого алган. Кембриджде чыккан Modern 2021 жылы 1 млрд доза чыгарууну көздөөдө. 200 миллион Евробиримдик, АКШ, Улуу Британия, Япония, Швейцария жана Түштүк Корея 300 миллионго, Канада 40 миллионго буюртма беришкен. 2021-жылдын 12 январынан бул препарат BioNTech/Pfizer менен катар Германияда колдонууда.
Индиянын Covaxin вакцинасы
Индиянын Bharat Biotech International компаниясы иштеп чыккан Covaxin вакцинасы. 2021-жылдын 3-январынан AstraZeneca менен бирге Индияда колдонууда. Сынга карабай 20 млн доза сатылды. Bharat Biotech International 700 млн доза чыгарууну көздөп жатат. Индия пандемиядан аябай жапа чеккен мамлекет, бир жарым миллиард калкынын 150 000 миң киши в коронавирустан ажал тапкан.
"TURKOVAC"
Бул дартка каршы Орусия, АКШ, Кытай, Индия, Европанын бир топ мамлекеттери вакцина чыгарышты эле буларга Түркия кошулуп жаңы Ковид – 19 вакцинасынын атын "TURKOVAC" деп атады. Ковид - 19га каршы ата мекендик вакцинанын фаза - 3 иликтөөсүнүн негизинде ыктыярдуулар менен жүргүзүлгөн эмдөө программасы президент Эрдогандын онлайн режимде катышуусу менен Анкара оорукана шаарчасында башталды.
Президент Эрдоган Түркияда эпидемиядан эртерээк куткаруу үчүн негизги нерсе өз вакцинабызга ээ болгонун сыймыктануу менен белгиледи. Бул вакцина менен бирге Түркия жаңы бир мезгилдин каалгаларын ачарын айтып, бир канча жуманын ичинде өлкөбүздөгү 18 жаштан жогору болгон жарандарыбыздын баарын эмдөөгө аларын билдирди.
Азыр Индия, Европада көптөгөн мамлекеттер өз вакцинасын чыгарды, буларга кошуна Казакстан да кошулду.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg