www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын коммерциялык банктарынын бирине карата санкциялардын киргизилиши тууралуу маалыматка байланыштуу Улуттук банк расмий билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, учурда өлкөнүн банк сектору туруктуу абалда. Ал жетиштүү деңгээлде капиталдаштырылган, ликвиддүүлүгү жогору жана ар кандай тышкы тобокелдиктерге туруштук бере алат. Коммерциялык банктар штаттык режимде иштеп, кардарларга банктык кызматтарды үзгүлтүксүз көрсөтүүнү улантууда.
Улуттук банк кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзөрүн белгиледи. Зарыл болгон учурда «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык мыйзамдын жана «Банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамдын алкагында санкциялардын өлкөнүн финансылык системасына мүмкүн болуучу таасирин азайтууга багытталган тиешелүү чаралар көрүлөрү айтылды.
Эске салсак, Европа кеңеши 23-июлда Россияга карата санкциялардын 21-пакетин бекиткен. Чектөөлөргө дагы 170 компания, 48 жеке адам, Орусиянын 94 жана чет өлкөлөрдүн төрт банкы киргизилди. Ошондой эле тизмеге 33 кредиттик-финансылык уюм, төрт мунайды кайра иштетүүчү завод жана 41 танкер кошулган. Акыркы мезгилдеги эң ири санкциялык тизмеге Кыргызстандан да бир катар компаниялар кирген.
Европа кеңеши Кыргызстандын «ЭкоИсламикБанкына» Россиянын СПФС (Россия Банкынын финансылык билдирүүлөрдү өткөрүү системасы) системасына туташкандыгына байланыштуу транзакцияларды жүргүзүүгө тыюу салынарын белгиледи.