www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылындагы эс алуу жайынын аймагында жайгашкан тамактануучу жайга саркынды суулардын ташып кетишине байланыштуу 10 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы интернет булактарында тараган маалыматтардын негизинде Улуттук илимдер академиясына караштуу «Академия наук» эс алуу жайынын аймагында текшерүү жүргүздү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө эс алуу жайындагы кафелердин биринде саркынды суулар топтолгон септикалык курулма ташып кеткени аныкталып, интернетте тараган маалымат тастыкталды.
Аталган мыйзам бузуу боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык эс алуу жайына 10 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.
Мындан тышкары, жооптуу тарапка аныкталган мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн 10 календардык күндүн ичинде тиешелүү чараларды көрүү тууралуу милдеттендирме берилди.