www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо министрлиги маалымдагандай, 18-27-май күндөрү Улуттук госпиталда кытайлык офтальмолог дарыгерлер бейтаптарды акысыз текшерип, катаракта боюнча операцияларды жүргүзөт.

Иш-чара «Экспресс-ден соолук - жаркын саякат» эл аралык долбоорунун алкагында өтүп, жалпы 300 операция жасоо пландалууда. 

Бардык процедуралар амбулатордук негизде жүргүзүлөт.

Бейтаптарды каттоо 12-майдан 18-майга чейин, иш күндөрү саат 09:00дөн 16:00гө чейин жүргүзүлөт. 

Дареги: Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 1. Байланыш телефону: 0 (555) 025-171.

Катталуу үчүн офтальмологдун жолдомосу, медициналык анализдер (кан, заара, ЭКГ, рентген), гепатит маркерлери жана өздүгүн тастыктаган документтер талап кылынат.

Последние новости