www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Абай атындагы Кыргыз-Казак маданий борборунун ачылыш салтанаты болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековдун, Казакстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Кайрат Нурпеисовдун, мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин катышуусунда бардык санитардык-эпидемиологиялык нормаларды жана эрежелерди сактоо менен өттү.

"Абай атындагы маданий борбор казак элинин классиги Абай Кунанбаевдин адабий мурасын пропагандалоо жана жайылтуу максатында ачылды. Абай Кунанбаев – казак элинин улуу акыны, философ-гуманист, композитор, көркөм сөз өнөрүнүн зергери.

Анын өмүрү жана чыгармачылыгы, окурмандар арасындагы сүйүктүүлүгү казак элинин маданиятын калыптанышы үчүн түрткү болду. 2020-жыл Түрк маданиятынын эл аралык уюму (Түрксой) тарабынан Абай жылы деп жарыяланган", - деп жазылат маалыматта.

Борбордун негизги милдети – Кыргыз жана Казак элинин ортосундагы маданий байланыштарды жана достукту чыңдоо, эки өлкөнүн илимий, маданий жана башка уюмдары менен өз ара пайдалуу жана эффективдүү байланыштарды орнотуу жана кеңейтүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости