www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев жалпы шайлоочуларына кайырлуу жасады.
Урматтуу шайлоочулар!
Менин Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызмат ордуна мамлекеттик кызматка дайындалганыма байланыштуу сиздерге жеке кайрылып, тиешелүү түшүндүрмө берүүнү зарыл деп эсептейм.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, улуттук коопсуздук органдарындагы мамлекеттик кызмат депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпайт. Ушуга байланыштуу депутаттык ишмердүүлүктү улантууга жана депутаттык милдеттеримди кайрадан аткарууга укуктук мүмкүнчүлүгүм жок.
Бул чечим мамлекетке кызмат кылуу жана өлкөбүздүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу зарылчылыгынан улам кабыл алынды. Бул — чоң жоопкерчилик жана элдин ишеними, аны мен мекен алдындагы ыйык милдет катары кабыл алам.
Сиздердин көрсөткөн ишенимиңиздерге, колдооңуздарга жана биргелешкен иш-аракеттерибизге терең ыраазычылык билдирем. Биз алдыбызга койгон бардык демилгелер жана максаттар жаңы кызматымдын алкагында да мен үчүн артыкчылыктуу бойдон калат.
Мындан аркы ишмердүүлүгүм Кыргыз Республикасынын туруктуулугун, мыйзамдуулугун жана коопсуздугун чыңдоого гана багытталат деп ишендирем, - деген кайрылуусунда Алишер Эрбаев.