www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы он жылда Ысык-Көлдүн өтө тездик менен тартылып баратканы кооптонткон көйгөйлөрдүн бирине айланды. Мурда көлдүн тескей жээгиндеги суунун түбүндө жаткан таштар, азыр оркоюп сыртка чыгып калган. Көл дээрлик 10 метрдей ары тартылып кеткен. Айрым эксперттер бул табигый көрүнүш деп айтып жаткан менен, жергиликтүү тургундар көл 10 жылдан бери тынымсыз тартылып жатканын, кайра толгон учуру боло электигин айтышууда. 

Арийне, Ысык-Көлгө куйган ондогон өзөн-суу мөңгүлөрдөн башталат. Борбор Азиядагы Жерди прикладдык изилдөө институтунун маалыматында соңку 70 жылда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты 16% азайып кетти. Айрым майда мөңгүлөр жок болду. Мындан улам көлгө куйган өзөн-суулар агымын азайтты. Ошол эле маалда жыл сайын кургакчылык каптап, жаан-чачын азайды. Жаз-жай айларында көлгө куйган өзөн-сайлар кургап калууда. Ушунун баары көлдүн суусунун тартылышына алып келүүдө. 

Ысык-Көл – дүйнөдөгү эң чоң 30 көлдүн бири. Жердеги эң терең көлдөрдүн тизмесинде жетинчи орунда турат. Деңиз деңгээлинен 1608 метр бийиктикте жайгашкан. Аянты 6124 чарчы чакырым. Узундугу 182, туурасы 60 чакырым болот.

Ысык-Көлгө бир жылда алты миллиард куб/метр суу куят. Анын 2 млрд метр кубу жамгыр аркылуу, 2 млрд жер астынан, калганы өзөн суулардан топтолот. Тактап айтканда, Ысык-Көлгө Барскоон, Жууку, Чоң-Кызыл-Суу, Жети-Өгүз, Каракол, Ак-Суу, Түргөн, Түп жана Чоң Ак-Суу куят.

Мурун көлгө 118ге чейин чоң жана майда суу келип кошулса, акыркы он жылда алардын саны 30га чейин кыскарган. Соңку байкоо боюнча Ысык-Көл жарым метрге тайыздап, жээги 5-10 метрге чейин тартылган.

Последние новости