www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

30-майда өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Канат Садыковду ректор кылып дайындоо боюнча буйрукка кол койду.

Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин ректору болуп мурдагы билим берүү министри Канат Садыков дайындалды. Бул кабарды окуу жайдын маалымат кызматынан тастыкташты. Ага ылайык, 30-майда өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Канат Садыковду ректор кылып дайындоо боюнча буйрукка кол койгон. "Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева өзү келип, премьердин жарлыгын окуп, Садыковду жамаатка тааныштырды. Окуу жайдын профессорлору ага мантия кийгизип, ректор өзүнүн ыраазычылык сөздөрүн айтты", — деп университеттен билдиришти. Белгилей кетсек, май айынын аягында улуттук университетте ректор шайлоо болуп, анда Канат Садыков алдыга чыккан. 

 

Последние новости