www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректорунун иштерине эмгек жамаатынын нааразычылыгы күч алып, окутуучу-профессорлордун жоон тобу тийиштүү органдарга кайрылуу жөнөтүштү. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда NazarNews маалымат агенттигине аталган окуу жайындын эмгек жамааты билдирди.

Алардын айтымында, ректору окуу жайдагы кыңыр иштерин ушул убакытка чейин жаап, жогору жактан кандай гана текшерүү келбесин жең ичинен сүйлөшүү жолу менен болсо да кутулуп кетип жүргөн.

«Учурда прокуратурадан салмактуу комиссия келип текшерүү жүрүп жатат. Бирок, университеттин окутуучулары «ректор адаттагысын баштаптыр, кандай гана текшерүү келбесин ушуга чейин бардыгын «жаап» келди, бул ирээт да ушул иштер кайрадан кайталанбаса экен» деп тынчсызданышууда. Деги эле коомдук-саясий турмуш өзгөрүп, күч органдарынын ачык-айкын иш жүргүзүүсүн коомчулук катуу талап коюп жатканда, прокуратурадан келген топ кынтыксыз, акыйкат текшерүү жүргүзөт деген терең ишенич менен КУУнун жалпы жамааты күтүп жатат. Коррупцияга каршы күрөш күч ала баштаганда, текшерүүчүлөр ректораттын «гипнозуна» алдырышпастыр», -  дешет КУУнун окутуучу-профессорлору.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости