www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуу Британияда коронавируска каршы Оксфорд университетинде иштелип чыккан вакцинанын клиникалык сыноосу башталды. Сыноого өлкөнүн түрдүү шаарларынан миңден ашык ыктыярчы катышат. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.
Вакцина шимпанзе вирусунун негизинде даярдалып, курамына жаңы типтеги коронавирустун генетикалык коду кошулган. Изилдөөчүлөр тесттердин жыйынтыгы жарым жылдын ичинде даяр болорун билдиришүүдө.
Дүйнөдө COVID-19га каршы вакцина иштеп чыгуу менен ондогон лаборатория алектенип жатат. Апта башында Германияда ыктыярчыларга тестирлөө жүргүзүлө баштаганы кабарланган.
Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, ушу тапта дүйнө боюнча 70 вакцина иштелип чыгууда. Буга чейин АКШ менен Кытай вакциналарды клиникалык сыноо башталганын билдирген. Орусия сыноолорду 1-июнда баштоону пландап жатат.
Адистердин пикиринде, жапырт пайдалануу үчүн вакцина 2021-жылдын башында даяр болот.
Жаңы коронавирус 2019-жылы декабрда Кытайда чыккан. Расмий статистикага ылайык, дүйнөдө COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны үч миллион кишиге жакындап калды. Пандемия башталгандан бери бул илдеттен 190 миңден ашык бейтап каза болду.
Булак: NazarNews.kg