www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британия Орусияга каршы санкцияларын кеңейтип, аларды айланып өтүүгө көмөк көрсөткөн үчүнчү өлкөлөрдүн компанияларын “кара тизмеге” кошууну улантууда. Бул жолу санкция Кыргызстанда катталган Kifiko LLC компаниясына салынды.

Лондондун маалыматына ылайык, компания Орусияга карата киргизилген чектөөлөрдү айланып өтүү үчүн ири көлөмдөгү акча каражаттарын өткөрүүгө аралашкан деп шектелүүдө. Эл аралык иликтөөлөр Kifiko’ну Молдовада соттолуп, издөөдө жүргөн олигарх Илан Шор менен байланыштырат.

Бул Кыргызстанга байланыштуу биринчи учур эмес. Буга чейин Британия “Капитал банкка”, анын жетекчисине жана Grinex криптобиржасына санкция киргизген. Лондон бул түзүмдөр Орусиянын согуштук муктаждыктарын каржылоого колдонулганын билдирген.

Расмий Бишкек мындай санкцияларды негизсиз деп атап, ошол эле маалда эл аралык чектөөлөрдү сактоого даяр экенин билдирип келет. Бирок Британиянын соңку чечимдери Кыргызстан аймагында иштеген айрым компаниялар глобалдык санкциялык тобокелдиктердин чордонунда калып жатканын көрсөттү.

Булак: NazarNews

Последние новости