www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу инсан Чыңгыз Айтматовдун эстелиги нукура өзүнүн түспөлүндөй, элестүү, таалимдүү болуу керек. 

Элестетип көрсөңүз-Орустун улуу акыны А. С. Пушкиндин эстелиги Орусиянын ири шаарларында, дүйнөдөгү көптөгөн өлкөлөрдө акындын бүтүндөй турпаты менен тургузулган эстеликтер көп. Канчалаган кылым, өтсө да өзгөргөн жок.  Ойлуу турган акын, кечээ эле эл арасында жүргөндөй, тирүүсүндөй  сезилет.  Аны биз көргөнүбүз жок тирүүсүндө, бирок эстелиги кечээ эле тургузулгандай. Көрсө А. С. Пушкин дүйнө элдеринин канына сиңип, акыл-эс ордосунан орун алып даанышман акын катары калган тура. 19-кылымдын залкары, көзү ачык, акыл көрөңгөсү мол, келечекти көрө билген даанышман, адамдардын адам болушуна кеңеш берген олуя  ааламдын  бүгүнкүсүн, эртеңкисин дааналаган  Чыңгыз Айтматовдун эстелиги,  А.С. Пушкиндин дал өзүндөй,  өмүр бою жаш  бойдон тура турган эстелигин тургузбай  келебиз.                                       

Ооба, борборубуз Бишкекте тургузулду. Ал учурунда көптөгөн сындарга да тушукту, жакшы ойлор, пикирлер айтылды. Ошондон  улам Талас облусунун Кара-Буура районунун борборунда 2011-жылы Бишкекте өткөн кароо-конкурсунда Кыргыз эл баатыры, акын Сүйүнбай  Эралиевдин, Роза Айтматовалардын  сунушу же жактыруусу боюнча Чыңгыз Айтматовдун сүрөтү тандалып, Чыңгыз Айтматовдун 50 жаш курактагы  эстелиги тургузулган. Турган турпаты, түспөлү окшоштугунан да, анын алыска үңүлө караган, ойчулдугуна чейин даана чагылдырган. Ал эстелик бүгүнкү күндө да, кары-жаштардын ыйык жайы. 

Чолпон-Ата шаарында Ыссык-Көлдүн жээгинде курулган “Чыңгыз-Ордодо” Ч. Айтматовдун скамейкада оң бутун сол тизесине учкаштырып олтурган түспөлү дал өзүндөй эстелик бар. Ал терең ойдо олтургандай сезилгени менен сени менен аңгеме-дүкөн кургандай баамдалат. Чын эле сол колуңду анын тизесине коюп баарлашасың.  Ал сага карап, баамдап  турат. Аз убакытта  анын жанында олтуруп рахат аласың. Чын эле ичиңден сүйлөшөсүң,  кубанасың. Тагдырыңа  ыраазы болосуң... Кыргыздардын ошол Ыссык-Көлдөн өткөн көчмөндөр оюндарын көрүүгө келген меймандардын ушул эстелик алдында сүрөткө түшүү үчүн атайын кезекке турушуп, көп убакыт күткөнүн эл айтып калышат.

Анда Кыргыз эли  дүйнө элине даанышман болуп таанылганын, ыраазы болгон четтен келген меймандар  кудуңдап, сүйүнгөндөрүчү.  Мына чет элден келген коноктордун тарыхый инсанга мамилеси!  Ал эми биздечи ??? Ошол  2019-жылы  Шекерде эстелигин тургузабыз, буйруса Чыңгыз Айтматовдун дал өзүндөй бийиктиги 18-20 метрдей болот дешпеди беле.  Анан,  Россиянын Ростов-на-Дону шаарына коюла турган эстеликти коюп эле коебуз деген  депутаттар чыкты. Аны депутаттар алып да  келишиптир. Азыркы күндө  “Шекерде” бирөөнүн сарайына “камап” коюптур. Эч кимге  көрсөтпөйсүңөр деп катуу тапшырма  беришиптир деген каңшаар  элге тараган. Ал ошол бойдон дайынсыз. Суроо туулат! Чыңгыз Айтматовду Таластыктардан,   айрыкча Шекерликтерден башка, ким жакшы билет???  Чынында Чыңгыз Айтматовдун эстелиги жогоруда сөз болгондой касиетке ээ болуш керек. Сүрөтчү-скульпторлор көп. Алардын эмгектери комиссия  тарабынан бааланыш керек. Облуста атайын түзүлгөн комиссия бар. Ошолор Манастын Ордосундагы эстеликти тандап,  колдоо тапкан.  Айрым кошомчаларын кошушкан. Мисалы эстеликтин бийиктиги, айланасындагы кырк чоролордун эстеликтери, кире бериште Бакай ата менен Каныкей энебиздин  эстеликтери ж.б.у.с. Ушунусу менен Манас атабыздын  эстелиги түбөлүктүү тургандай сезилет... Чыңгыз Айтматовдун эстелигин таптык, ушуну эле коебуз деш “осолдук” Чыңгыз Айтматовду сыйлабагандык. Дүйнө элине (экскурсияга келгендердин) алдында уят болобуз. Коюлган эстелик эстетикалык, дааналык, тарбиялык мааниде турушу оң. Чыңгыз Айтматовдун эстелиги  орустардын А. С. Пушкиндикиндей   кылымдарды карытып,  касиети ошол бойдон  урпактан-урпактарга калгандай  денгээлде болушу абзел.       

Ага Президентибиз  С. Ш. Жээнбековдон баштап бүтүндөй калк назар төшөгөнү оң. Анткени ал кыргыз элинин ар-намысы, бурмаланып калышы  билимсиздик.    2018-жылдын 17-майында  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү  М. Абылгазиевдин жетекчилигинде уюштуруу комиссиясынын отуруму  болуп,  ушул маселе талкууланган. Ага депутаттар жана башка тиешелүү адамдар  катышып, “Чыңгыз-Ордо” комплексинин курулушуна  69 млн. сом бөлүнмөк болгон.  Бирок отурум-отурум бойдон калып, ушул күнгө 31 млн. акча каражаты жумшалып, калганы эстеликтен келип чыккан чырдан улам курулуш иштери токтоп калды. Ошондон улам “Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты” болуп ың-жыңсыз. Эстүү, баштуу “атка минерлер” терең ойлонушпаса иш жылчудай эмес... Ойлонгула туугандар!!!  Калк арасында  “Уят өлүмдөн катуу” деген аңыз сөз бар... Мурунку К.И. Скрябин атындагы айыл-чарба институнда 1980-85- жылдары Сулайманов агайыбыз Японияга  барып,  япондор кыргыз улутун билишбей, Чыңгыз Айтматовду билгендерин агай айтып берди эле. Дүйнөдө кыргызды тааныбаган калк бардыр, бирок Чыңгыз Айтматовду жакындан билген адамдар сансыз... Биз кыргыз эли, Чыңгыз Айтматовду тирүүсүндө кандай урмат кылсак, азыр андан да жогору урмат менен мамиле кылалык! Анткени Чыңгыз Айтматов космостон карап, баамдап турат!!! Биз  унчукпасак,  Сиз унчукпасаңыз  анда  ким  унчугат?

Төлөгөн Наралиев, Апрель Баатыры

Булак: NazarNews.kg

Последние новости