www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги кургак учук менен ооруган бейтаптарды ден соолугуна жакшылап көзөмөл жүргүзүп, тамактануусуна көңүл бурууга чакырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

«Оору алардын иммунитетин алсыратты, андыктан кургак учук менен ооруган бейтаптар коронавирус жана пневмония илдетинде тобокелчилик тобуна кирет», деп айтылат маалыматта.

2011-жылдан бери БУУнун жардамы менен Кыргызстанга 1200 бейтап үчүн дары-дармек сатылып алынган. Кургак учук дүйнө жүзүндө өлүмдүн негизги он себебинин бири болуп эсептелет.

Кыргызстанда бул ооруга кабылгандардын 70% эмгекке жөндөмдүү куракта. Фтизиатрия боюнча улуттук борбордун ​кургак учук боюнча маалыматына караганда, 2016-жылы 100 миң адамга 144 учур болсо, 2017-жылы 127 учур катталды. 2001-жылы бул көрсөткүч 168 болгон. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости