www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Беларусь президенти Александр Лукашенко мектептердеги мугалимдерди кол салуудан коргоону талап кылды жана мамлекеттик идеологиянын бар экендигин эскертти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Мугалимдер тууралуу кеп мамлекет башчы билим берүү министри Игорь Карпенкону кабыл алган учурда болду."Мугалимдерди ар кандай кол салуулардан сактайлы. Буга чейин мугалимдерге, дарыгерлерге кол көтөрүүлөр болду. Эгер "башка лагерге" өтүп кеткендер болсо, алар менен өзүнчө сүйлөшөбүз. Беларуста билим берүү, мамлекеттик мектептер, идеология биринчи орунда турат. Иштегиси келгендерге мектептер ачык. Ал эми аны каалабагандар мектепке келбесин! Муну түз айтышыбыз керек", — деген Лукашенко.
Булак: NazarNews.kg