www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Жеңиштин 81 жылдыгына карата Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алып, аларды Жеңиш майрамы менен куттукташты.

Чүй ОИИББнын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Чынарбек Майлыбеков, милициянын полковниги Тилек Омуралиев жана милициянын полковниги Асель Осмонова согуш ардагерлери — 1927-жылы туулган Антон Шальнов, 1927-жылы туулган Николай Соколов жана 1944-жылы туулган Анна Сабурованын үйлөрүнө барып, алардын ден соолугунан кабар алышып, терең урмат-сыйын билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө ардагерлерге майрамдык белектер жана акчалай конверт тапшырылып, алардын Мекен үчүн көрсөткөн каармандыгы жана Улуу Жеңишке кошкон баа жеткис салымы үчүн ыраазычылык сөздөр айтылды. Ошондой эле ардагерлердин эрдиги, кайратмандыгы жана Мекенге болгон чексиз сүйүүсү бүгүнкү жаш муун үчүн патриоттуулуктун, мекенчилдиктин жана кайраттуулуктун жаркын үлгүсү экени өзгөчө белгиленди.

Ардагерлер өз кезегинде согуш жылдарындагы оор күндөрдү эскерип, жаш муунга тынчтыктын кадырын билүү, Мекенди сүйүү жана биримдикти сактоо тууралуу акыл-насааттарын айтып беришти.

Чүй облусунун милиция кызматкерлери ардагерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо жана үй-бүлөлүк бакыт каалап, алардын эрдиги эч качан унутулбай турганын белгилешти.

Последние новости