www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 9-майында Бишкек шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган бир катар эскерүү иш-чаралары өттү.
Майрамдык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн, кошуундарынын жана мекемелеринин параддык эсептеринин борбор калаанын көчөлөрү аркылуу салтанаттуу жүрүшү менен башталып, анда Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы жана аскердик-патриоттук ырлар аткарылды.
Улуу Жеңиштин 81 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында жыл сайын өткөрүлүүчү «Өлбөс полк» патриоттук акциясы уюштурулуп, ага республиканын жетекчилиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, Коргоо министрлигинин өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары, шаар тургундары, жаштар, мектеп окуучулары жана борбор калаанын коноктору катышты.
Акциянын катышуучулары Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын жана оорук эмгекчилеринин сүрөттөрүн көтөрүп, Бишкек шаарынын Түштүк дарбазасынан Жеңиш аянтына чейин жөө жүрүш жасап өтүштү.
Андан соң борбор калаанын Жеңиш аянтында Улуу Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү.
Иш-чарага Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысы - Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-майор Руслан Мукамбетов, Жогорку Кеңештин төрагасы, Жогорку соттун төрагасы, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы, Бишкек шаарынын мэри, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, ооруктун эмгекчилери, эмгек ардагерлери, ошондой эле Бишкек гарнизонунун аскер кызматчылары жана жарандар катышты.
Иш-чаранын катышуучулары курман болгондорду эскерип, Өчпөс отко гүл коюшту.
Митинг-реквием Бишкек гарнизонунун аскерлеринин параддык эсептеринин салтанаттуу жүрүшү менен жыйынтыкталды.
Расмий бөлүктөн кийин иш-чаранын катышуучулары, согуштун жана Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги курал-жарак жана аскердик техникалардын көргөзмөсү менен таанышып, ошондой эле салтка айланган «жоокер боткосунан» даам татышты.
Мындан тышкары, эскерүү иш-чаралары, митинг-реквиемдер, Улуу Жеңиштин баатырларынын эстеликтерине гүлчамбарларды жана гүлдөрдү коюу аземдери республиканын бардык облустук жана райондук борборлорунда, шаарларында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн, кошуундарынын жана мекемелеринин жайгашкан жерлеринде өткөрүлдү.