www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын президенти Владимир Путин президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Ушул маанилүү күнү биз сансыз курмандыктарга жана кыйынчылыктарга чыдап, нацизмди талкалап, өз жеринин эркиндигин коргоп калган жеңүүчүлөр муунуна — аталарыбызга жана чоң аталарыбызга таазим этип, урмат көрсөтөбүз.

Согуштун оор жылдарында бекемделген достук жана өз ара жардамдашуу салттарына негизделген Россия менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелер мындан ары да өнүгөт деп ишенем.

Сизден кыргыз жеринде жашап жаткан согуштун ардагерлерине жана оорук эмгекчилерине чын жүрөктөн чыккан ыраазычылык сөздөрүмдү, ошондой эле бекем ден соолук, бакубат жашоо жана узун өмүр кааларымды жеткирип коюуңузду өтүнөм», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Последние новости