www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Массалык маалымат каражаттары бийликтин бир бутагы экенинде калет жок. “Алакандай” өлкөбуздө кыбыр эткендин баарысы коомчулука тез тарап, бүйур кызытып турат. Маалыматтардан коомчулуктун пикири калыптанат. Биз ар дайым кайдыгерликтен алыс болуп, принциптерибизден тайбай, “арбитрдин” кейпин кийбей мамлекетибиздеги орчундуу саясий болобу, экономикалык болобу, калыстык пикирибизди билдирип келгенбиз. Облустагы жана мамлекетибиздеги саясий аба-ырайынын стабилдүүлугү бардык кызыкчылыктан жогору. “Чымындан пил жаратып” дегендей, жакындагы Өкмөттүн отурумундагы “инцидент” кээ бирөөлөрдүн чырагына май тамызгандай...! Жыгылганды тепкилемей жок деген “джентльмендик” принципке түкүрүп коюшуп, “учкундан жалын тутантып” жатып калышты...! Премьер-министр М.Абылгазиев бир облустун бакыйган жетекчисине эскертүү берсе, (начальству виднее), туура кылгандыр. Өкмөттүн пландык отурумуна даярдыгы жок барса тил угат да.
Даярдыгы чала болуп калса, себептери бардыр башкаларга белгисиз, өзү жооп бергендир...?! Мындай маселелер болуп келген да, бирок болтурбоого аракет кылыш керек демекчибиз. Учурунда Президентибиз С.Ш.Жээнбеков да, бир бакыйган министрди залдан “чык эшике” деп, кууп чыкканына коомчулук күбө. Жетекчинин талабы күчтүү болбосо иш алдыга жылбайт деген принципти ар бир мамлекеттик кызматкер алиппедей билип, туура кабыл алышы керек. Марат Мураталиев да бул сынга терикпей, туура кабыл алды деп, ойлойбуз. Кептин баары “учкундан жалын тутантып” бул маселени көбүртүп жиберишти. Учурдан пайдаланып “ээрден оодарып” түшөлү дегендер жокпу деген ой кетет аргасыздан. Марат Мураталиев облус жетекчиси болгонго чейин саясатка аралашпаган, “интрига” дегенди билбеген, чарбачыл-курулушчу экенин билебиз. Саясий фигура болгон соң ар кандай маселеден интрига жаралып кетээрин кайдан билсин, таза жүрөк, ак көңүл жигит, чыда эми демекчибиз. Сынга чыдап Элдин көйгөйүн чечем, мамлекеттин жаркын келечегине салым кошом деп, саясатка кирет Марат Молдонович...! Кечээги катаңды эртең оңдогонго мүмкүнчүлүк бар. Өкмөттүн алдында, Элдин алдында жүзүң жарык иштегенге Сага Элиң тирек...!
Бул окуядан утуру кара пиар кылган көрө албагандардын тилеги таш капсын, чын дили менен таза иштеп жаткан адамга асылып, “жумурткадан кыр издегенди” токтотолу...! Билегиңди түрүнө “назло некоторым тунеядцам” эки эсе күч-дем менен иштешиңе тилектешпиз. Саат 9-00дө жумушка барып кечки 6-00дө жумуштан кетип, ак көйнөк кийип, галстук тагынып, “өгүз өлбө-араба сынба” таризинде иштеген “аппаратный маклерлерди” деле көрүп жүрбөйбүзбү...?! Андайларга салыштырмалуу жумушчу күнү “ненормированный”экен, дем алыш күн дегенди билбейт экен деген аңыз кеп, Элдин ичинде айтылып жүрөт. “На ошибках учатся” дегендей, мындан ары ишиңди ийгиликтүү алдыга жылдырууга Жараткан колдоо көрсөтсүн!
“Акыйкат” кыймылынын төрагасы: А.Анарбаев (Умар)
жана башкалар.
8 август 2018 жыл Талас облусу
Булак: NazarNews.kg