www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул жагы "айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле" болот окшойт. Айрымдар эч кандай далили жок менин дарегиме өйдө-төмөн сөз айтып жанды кашайтты. Мен   Атамбаевдин коррупцияга белчесинен баткан бийлиги менен кармашууга он жылдык өмүрүмдү арнаганмын. Айрым сын айткандар сыяктуу "диванный эксперт" болгон эмесмин. "Кыйшайып бараткан көчтү түздө" деп Атамбаевге далай эскерткем. Азамат Жамангулов иниме да эскертип жатам...

"Кулак укса курсак кайнайт болуп" көзүм көрүп, акылым жетип турса эмне үчүн унчукпай "тилимди тишиме катып" отурушум керек?! Андыктан, кашкөй талант Байдыкемдин 90 жылдык мааракесинин ашмалтайын чыгарган министр болумуштун акылга сыйбаган жоругун көрүп унчукпай тура албаймын. "Мекенчилдик кичи мекенден башталат" дегендей, Таластын намысына туруп, жүздөгөн макалаларымды жазганда силер "коңулга башты катып" үйдө жаткансыңар. Андыктан, силердин акылыңарга муктаж эмесмин! Ит сыяктуу талаганыңарды токтоткула!

Байдылда Сарногоевдин мааракесинде "байпагын башына кийгендер" ким?

Тилекке каршы, шумкар менен күйкөнүн айырмасын билбей калдык. Ким бир иш чара уюштурумуш болуп бош челектей "катуу калдыраса" эле: "Ой түкүнчө кыйын турбайбы" деп мактап жатып калмай адат таптык. Жыйынтыгында "Ээн жердин чочкосу дөбөгө чыгат" болуп бүтүндөй бир мамлекеттик кызматтын системасын талкалап   жатканыбызды эч ким ойлоп да койбойт... Баарынан да ушундай көкүрөгү бийик, көрөңгөсү көр адамдардын айынан бир тармактын иши аксап өлкөнүн жалпы өнүгүүсүнө   тоскоол болуп жатканы жан кейитет.

Мамлекеттик кызматты "чыштай кийинүү жана акылдуу сөздөрдү сүйлөп элдин башын айлантуу" деп түшүнүп алган маданият жана маалымат министри Азамат Жамангулов, өзүнүн аракетке жөндөмсүз министр экенин дагы бир жолу далилдеди.

Анткени, кечээ жакында "Индира Куралбекова" деген коомчулукка анчалык аты-жыты белгисиз кызыбыз, кадимки кашкөй талант, кыргыздын сыймыгы Кыргыз Эл акыны "Байдылда Сарногоевдин 90 жылдык мааракесин өткөрөм" деп Таласты түрө кыдырып жүрдү. Анысын өзү да байма-бай социалдык түйүндөр аркылуу элге шардана кылып жатты.

Байдылда Сарногоевдей "дөө-шаа" таланттын 90 жылдыгы болуп жаткандан кийин Азамат Жаманкулов баш болгон, маданият министрлиги тикесинен тик туруп кызмат кылып орошон таланттын арбагын ыраазы кылышы керек эле да?!

Бирок, аттиң андай болгон жок. Байдылдага Сарногоевге туугандык да, кызматтык да тиешеси жок "Куралбекова" деген карындашыбыз жападан жалгыз "мен уюштуруп жатам" деп социалдык түйүндөрдөн байма-бай маалымат берип жатты.

"Жакшы  кыз экен. Акындын талантын сыйлаган" деп жаңы эле ичибизден сүйүнүп, бата берип жатсак, Индира Куралбекованын максаты кашкайып эле чыга келди.

Көрсө, Таластан чыккан бир топ депутаттар Индира Куралбекованы "далыга таптап", "сен губернатордун орун басары болосуң" деп, "аттап тондоп" жиберген кербези экен.

Каап кашайгырдыкы десе! Минтип залкарларыбыздын арбагын саясий максаттарга пайдаланып али "атыла элек" аюунун терисин бөлүштүрбөй эле турсак Кудай алабы?! Анткени, губернатордун социалдык маселелер боюнча орун басары Кыял Жанузакова өз ордунда эле ийгиликтүү иштеп жатат. Анын кызматтан башка жакка которуларын бир Кудай, анан жогорку бийлик билбесе эч ким билбейт.

Кыязы, "кутумчу" депутаттар менен Куралбекова президенттин мамлекеттик кызматкерлерди ротациялоо шарапаты менен Индира айымга да "устукан" бөлүштүрүп берсек деген "барбарос" планы окшойт. Анан аттуу баштуу эле адамдар минтип мартабалуу орун сунуштап жатса, Индира айым "канат байлап учуп" Кыял Жанузакованын кызмат ордун эңсебегенде кантсин.

"Азгырык" деген азгырык. Анысына деле "көз жумуп" коймокпуз. Антейин десек, Индира Куралбекова уюштурган Байдылда Сарногоевдин 90 жылдык мааракесинин ашмалтайы чыгып "байпагын башына кийип алган" деңгээлде өткөнүнө ким жооп берет?!

Залкар таланттын 90 жылдык мааракесинин башында туруп жоопкерчиликти өз моюнуна ала турган министр болумуш өзү эртеси конок катары келип сөз сүйлөп жатса кимге арманыбызды айтабыз?!

Ушул жерден бир табигый суроо туулат: министр Индира Куралбековабы же Азамат Жамангуловбу?

"Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты" болуп торколуу тойго 15 чамалуу акындар катышып алардын ичинен казактардан үч акын келиптир. Уюштуруу иштеринин  плинтустан төмөн экенин ушундан билиңиз 12 кыргыз акын "тишинин кирин" соруп сөздүн түз маанисинде ачка калганын кантип түшүнсөк болот?

Индира айым менен Азамат Жамангулов төрдө отуруп, Жамангулов үч жолу буйрук чыгарган Талас ТВнын жаңы жетекчиси Бурмагүл Чабдарова чай куюп берип казак акындарды сыйламыш этиптир.

Индира айым, министр менен чогуу ачкан акындын бюсттун Сарногоевдин карачечекей уулу Бактияр Сарногоев жасатып келсе, ага Индира айымдын кандай тиешеси бар?!

Иши кылып кайран кашкөй таланттын 90 жылдыгынын ашмалтайын министр менен бир кызыбыз чыгарды... Акындарга сыйлыктар акчалай колуна берилбей, сертификат алышып Бишкекке араң жеткенин да эшиттик.

Дагы жакшы Райкан Алканов аксакалыбыз акындарды мейманканасына бекер жаткырбаганда, сөздүн түз маанисинде акындар көчөдө калмак экен.

Ошентип, кыргызга "аттын кашкасындай таанымал" Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгы эптеп чампалап белгисиз бир кызыбыздын көчөт отургузуусу менен аяктаганы, бул кызыбыз кайсыл статус менен жана мамлекеттик кайсыл орган тарабынан "делегировать" этилген деген суроо көпчүлүктүн башын маң кылып турган кербези. Министр Азамат Жамангуловдун кызматтык машинесинин дөңгөлөгү акындын кичи мекени Кара-Ойдон жарылып машинеси коңторула жаздаганы, акындын арбагынын нааразы болгонунан кабар берип жүрбөсүн...?!

Мындай шермендечилик үчүн, улуу таланттын мааракесин саясий оюнга айландырганы үчүн министр Азамат Жамангулов кызматтан кетип, жалпы кыргыз элинен кечирим сурашы керек!

Умар Анарбаев, Апрель Баатыры Талас облусу

Булакак: NazarNews.kg 

Последние новости