www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азимбек Бекназаров Мамбетжунус Абыловго пикирин айтты

«Саясатчы Мамбетжунус Абыловдой агалардын сөздөрүнө бир мүнөт да убактымды коротпойм!», - деди бүгүн, 20-майда, NazarNews маалымат агенттигине Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров.

- Саламатсызбы, Азимбек-агай, азыркы түзүлгөн оппозициянын алдыңкы сабында турган саясатчы Мамбетжунус Абылов өзүнүн кыска интервьюсунда: «Бекназаров бүгүн бийликтин кетменин чаап күн көрүп калган инсан», - деп айтты. Саясатчынын бул сөзүнө териккен жоксузбу?

- Саясатчы Мамбетжунус Абылов өзүмдүн агам. Бирок мындай агалардын ушундай сөздөрүнө бир да мүнөт убактымды коротпоймун! Убакыт коротконго да арзыбайт! Кыргыздар улууну урматтаган калкпыз.

Белгилей кетсек, буга чейин белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаров өзүнүн маегинде жаңы түзүлгөн оппозицияны кескин сынга алган.

Ага жооп катары Мамбетжунус Абылов Азимбек Бекназаровду бүгүнкү бийликтин арзыматы катары эсептеп, маек берген.

Бир нече убакыттан кийин Мамбетжунус Абыловдун саясатчы Азимбек Бекназаровго кайрадан айткан каяшасын окурмандарга сунуштайбыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости