www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл ичинде айтылып жүргөн  анекдотту  эске салайлы: “Адам Атанын балдарына, Алла-Таала  жер бөлүп берип, эми талаш-тартышы жок, мен берген жашоону ынтымактуу сүргүлө деп, чарчап келип, уктап жатса, бирөө арка жагынан түртүп (не этично) чукулап жатат дейт. Ой сен кимсиң, сага эмне керек десе, мен Кыргызмын мага да жер бериңиз Жаратканым дейт экен. Жер бөлүнүп бүттү,  калган жок сен кайда жүрдүң десе, тууганымдын бирөөсү  менен жер талашып, кечигип калыпмын дейт. Жер калган жок, барып туугандарың  менен бири-бириңди чукулашып жүрө бер деген экен.Бирок кеменгер Аллабыз кайра айкөлдүк кылып, өзүмө “дача” деп, алып койдум эле ошол жерди берейин деген экен”.

Ошентип жердин бейиши  болгон, Кыргызстан деген мамлекетте жашап жатабыз.

Албетте мындай анекдоттун башкача варианттары толтура экенинде калет жок. Бул болгону “утрировать” этилген гана мисал катары. “Кытайдын бир кыштагындай” болгон алакандай Кыргыз эли ынтымакка келе албай кайда бара жатабыз, кайсыл “күчтөрдүн” жетегинде болуп  атабыз,  жумурткадан кыр издеп, физиологиялык процесстерге өзгөрүү киргизебизби...?!

Өзүбүздүн желегибиз, гербибиз, гимнибиз, Алланын амири менен, ата-бабаларыбыздын мээнети менен  эгемендүү мамлекетибиз бар, алты миллион калкыбызды көз-каранды болбой багып кете турган жаратылыш ресурстарыбыз (байлыгыбыз) бар.

“Улуту бар- үйү жок” дегендей, мамлекети жок, улут катары жок болуп кетүү коркунучуна тушугуп турган канча деген улуттар бар экени маалым. Тообо кылып, ынтымакка келип, “бир  жеңден кол - бир жакадан баш” чыгарып, өткөн бийликтердин чоң каталарын оңдоп-түздөп, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө салым кошуп, чоң секирик жасоо,  баарыбыздын миссиябыз  болуп турган учур.

Президенттик шайлоо кампания учурунда Атамбаев: “Кыргыз көчүн улайбыз” деген лозунг алып чыкты эле, “кыйшайып кеткен Кыргыз көчүн улаш эмес, түздөш” миссиясы азыркы президентибиз С.Ш.Жээнбековдун моюнуна илинди, бул оңой жүк эмес!

Албетте  азыркы бийлик башындагылар,  мурдагы бийликтин калдыктарынан,“бөрк ал десе-баш алган”, “медвежья услуга” кылгандардан арылууга аракет кылып, жаңы кадрларды дайындап жатканы жакшы жышаан, бирок  убакыт тескери иштөөсүн унутпашы керек...!

Сөздү алыстан баштап,  Олжобай Шакирдин макаласына оюбузду билдирип коёлу дедик.Маданият, адабият  тармагына кайдыгер эмесмин дептир, Олжобай мырза.

Журналистиканын арыгын чапкандардын бири катары, публицист катары таанымал инсан коомдук пикир жаратуу күчтүү курал экенин билет. Коррупциялык көрүнүштөргө кайдыгер болбогон жакшы сапат экенинде калет жок. Журналистикалык иликтөө жасап, Таласка келип жеринен таанышып, коррупциялык фактылар болсо тийиштуү фискалдык жана күч органдарына кайрылса азыр мыйзам иштей баштады, тийиштуү чаралар көрүлмөк.Алдын ала (предвзятый) мамиле кылып, инсандык абройго шек келтирип, коомдук пикир жаратууга аракет кылганына караганда бул макала (заказнойго) окшоп калыптыр. Таластагы чарба иштерге Олжобай мырзанын кандай кызыкчылыгы бар деген ой туулат...?!

Албетте коррупциялык көрүнүштөр менен элдешүү болбойт, Президентибиздин бул багыттагы күрөшүү саясатын кош колдоп колдош керек, бирок интрига жана популизм жолу менен эмес.Таластагы драма театрынын курулушунун маселеси башка кеп, кеп калыстыкта.Театрдын курулушундагы кемчиликтер жөнүндөгү айтылган кеп, суу кечпей калды десек болот, демек популизм болуп калды. Бир эле орчундуу фактысын мисал келтирсек, айлампа сценасы (вращающаяся сцена) бар экен, калган фактылар боюнча каармандар өздөрү жооп беришер, бирок ал жалаа дагы жалган болуп чыгаарында күмөнүбүз жок.

Башкасын коюп, маданият тармагына түздөн-түз тиешеси бар борбордогу Тарых музейинин тегерегиндеги чуулгандуу коррупциялык фактылар жөнүндө эмнеге“патриот”Олжобай мырза ооз ачпайт, 14 миң доллар эмес, 14 миң сомго кыргыздын устасы жасап коё турган эшек сөлөкөтүндөгү аттар жөнүндө бир ооз сөз кылып койбойсузбу, анда калыстыгыңызга коомчулук ишенет эле...?! Курулуш2010жылкы революциядан кийин эле башталыш керек болчу деген экенсиз.Ырас андан да мурда башталса болмок  кана аттиң, “ойлогон ойду- кыстаган турмуш жеңет”болуп, революциядан кийин канча деген акчалар сыртка чыгарылып кетсе, мародерчулуктун айынан канчалаган стратегиялык объектилер талкаланып, аларды калыбына келтирүүгө канча акча жумшалды, бюджетте акча бар беле, “бир жагын чойсоң -бир жагына жетпей” турган учур болсо...?!

Марат Мураталиев менен Дайыр Кенекеев жөнүндө бир топ негативдүү сөз кылыпсыз, алардын иштеринде кемчиликтер болсо тийиштүү мекемелер териштирер, өздөрү да жоопторун айтаар,  кеп анда эмес.Азыркы бийлик системасынын келишине зор салым кошуп, бул инсандар да кайдыгер болгондордон эмес. Кыргызстандын тагдырынын чечилишине зор салым кошкон мамлекетибиздин шайлоочуларынын төрт пайызын түзгөн Талас эли бул инсандардын моралдык сапаттарын жакшы билет.

Алдыда дүйнөлүк масштабда Кыргыз эли сыймыктанган, зор аброю бар  залкар жазуучу-гуманист Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесин  мамлекеттик  деңгээлде  өткөзүүгө кам көрүлүп жаткан учур. Талас облусунун М.Мураталиев баш болгон жетекчилиги “буту жерге тийбей” кам көрүп, эл жапырт колдоо көрсөтүп, жардам берүүнүн устүндө. Ушундай убакта дүйнөлүк коомчулукка уят болбой   (лицом в грязь не пасть), ынтымакка келип,  “бир жеңден кол- бир жакадан баш” чыгарууга салым кошуунун  ордуна Олжобай  мырза “Абыке-Көбөштөрдүн” урпактарынын  заказын аткарып, стабилдүүлуккө шек келтирип  жаткан жокпу деген ой кетет...?! Бул маараке жалпы Кыргызстаныбыздын жүзүн көрсөтөт...!!!

 “Акыйкат” кыймылынын төрагасы:       Умар  Анарбаев 

 7.10. 2018ж. Талас  облусу

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости