www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Үмбеталы Токторалиевич, “парламент тарасын” деген пикирге кандай карайсыз?

-- Бул туура эмес. Жогорку Кеңеш эмнеге тарамак эле? Конституцияда жазылган өзүбүздүн убактыбыз бар да беш жыл... Эч кандай себеп жок парламентти таратканга. 

-- Анда элдин пикири жүйөсүз дейсизби?

-- Бүт эле дүйнөдө парламентти сынга алышат. Эл өзү шайлаган да бул парламентти. Партиялык тизме менен келгенбиз. Ооба, маселелер бар, ким келет деп партиялык тизмени такташ керек. Бирок, азыр “тарасын” деген туура эмес. Мына, азыр төрт ай калды. Төрт айдан кийин ансыз деле кетебиз. Октябрдын башында жаңы шайлоо болот. 

-- Кандай дейсиз, азыркы чакырылыштагы парламент жакшы иштедиби?

-- Парламенттин үч функциясы бар: мыйзам чыгарат, ал мыйзамдардын иштешин көзөмөлдөйт, анан өкүлчүлүк функциясы. Парламент өз милдетин, озуйпасын аткарып эле жатат. 

-- А депутат катары өзүңүздүн ишиңизге канааттанасызбы?

-- Ооба. Албетте, кээ бир мыйзам долбоорлорубуз ишке ашпай калды. Ошого өкүнүч бар. Кудай буюруп, эмки чакырылышка келсек, ошол маселелерди көтөрөбүз. Мен өзүмдүн депутаттык милдетимди аткардым деп ойлойм, бирок, кичине убакыттын аздыгына байланыштуу анча-мынча маселе чечилбей калды. 

-- Демек, “дагы шайланып келем” деген ниетиңиз бар экен да?

-- Ооба. Кудай кааласа. 

Булак: "АЗИЯnews"

Последние новости