www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сөздүн баркын билип, кунун баалаган кишилерибиз азайып бара жатат. Мындай пикирди филология илиминин доктору, лингвист Үмүт Култаева айтты. 

--"Төлөгөн Касымбеков бар эле, укмуштуудай сүйлөгөн. Бексултан Жакиев кетти. Ушул аксакалдар бул дүйнөдөн кеткенден кийин кыргыз коому өтө нарктуу кишилерге муктаж болуп турат. Сөздүн баркын билип, кунун баалаган кишилерибиз азайып барат.

Убагында мектепте орусча окуп, орусча ойлонгон көп кишилер келип окуду. Келип атайын курстардан өтүп турат. Алар көбүнчө жеке курстарды алышат.

Депутат, чиновниктерден көп келишет. Бирок алар коомчулукка аты-жөнүн атагысы келбейт, андыктан мен атынан айткым келбейт. Атактуу, мыкты кишилер келип, азыр да сабак алып жаткандары бар. Мага келгенде кыргыз тилин окугандыгы тууралуу бир-эки сертификат менен келишет.

Бирок практикалык жактан дээрлик пайда албаганын байкайм. Мага келгенде кыргыз тилинде сүйлөбөй жүргөндөр, сүйлөп калышат. Менин өзүмдүн автордук методикам бар.

Мага окуганы келгендер бат эле жыйынтыкка жетишип, “бизге аябай пайдалуу болуп жатат” дегенинен кыргыз тилин окутуу боюнча борбор да ачылды дейт ал. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости