www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалпыга маалым болгондой ун өндүргөн компаниялардын лөктөрү парламентте интрига жүргүзүп, өз бизнестерине карай жол чаап, кошумча нарк салыгынан бошотушкан эле. Жыйынтыгында казынага миллиондогон каражат түшпөй, дыйкандардын да түйшүгү оорлоп кеткен.
Бирок, Ишкерлер ассоциациясы Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуп киргенден кийинки эки жылга жетпеген аралыкта ун өндүрүшү кескин азайганын маалымдады. Тегирменчилер комитетинин төрагасы Рустам Жунушев: «2014-жылы 350 миң тонна ун чыгарса, өткөн жылы болгону 232 миң тонна чыгарылган, бүгүнкү күнү өндүрүш токтоп турат, тегирмендерде иштеген миңдеген кишилер жумушу жок, айлык акы албай, алардын үй-бүлөлөрү муктаждыкта жашап жатат» деп билдирди.
Эң эле кызыгы, айрым депутаттар кайрадан кошумча нарк салыгын киргизүү демилгеси көтөрүп, экинчи тараптын кызыкчылыгын коргогонго аракеттенүүдө. Мыйзам долбоордун автору, депутат Кенжебек Бокоев мындай сындарды четке кагып, кыргызстандык дыйкандардын кызыкчылыгын да эске алуу керектигин айтып жаткан кези. Эми кимиси жеңер
Булак: "Мантыш"