www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элдин топтолушун чектөө жана коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында “Унаа” ишканасынын Нарын, Сүлүктү, Балыкчы, Каракол, Кочкор, Жумгалдагы бөлүмдөрү 19-июлга карантинге жабылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Каттоо кызматынан билдиришкендей, эпидемиологиялык кырдаалдын начарлаганына байланыштуу “Унаа” ишканасынын Бишкек шаардык бөлүмү жана Аламүдүн, Ысык-Ата райондук бөлүмдөрү 6-июлдан тартып 19-июлга чейин карантинге жабылган.

“Андан тышкары, Бишкек шаардык бөлүмүнүн Аймактар аралык секторунун (“Риом” авторыногу) иш күндөрү кыскартылып, ал ишемби, жекшемби жана дүйшөмбү күндөрү иштейт”, - деп билдирет Каттоо кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости