www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарынан унаа уурдап айдап бара жаткан айдоочу Токтогул районунда колго түшүрүлдү. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-октябрдан 13-октябрга караган түнү Ош шаарынын ХБК кичи шаарчасынын тургунуна караштуу болгон кызыл түстөгү Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасын белгисиз жарандар уурдап айдап кетишкен.

Жалал-Абад облустук жол кыймылынын кызматкерлери Кара-Көл шаары менен Токтогул районунун аралыгында кызмат өтөп жаткан учурда аталган унааны Бишкек багыты боюнча айдап бара жаткан жеринен токтотушкан.

"Бирок айдоочусу кызматкерлердин мыйзамдуу талабына баш ийбей каттуу ылдамдыкта жолун улаган. Аталган кызматкерлер кийинки постогу кызматкерлерге маалымат берген. Бирок айдоочу анда дагы токтогон эмес. Кызматкерлер атайын кызматтык унаа менен аркасынан кууп жеткен учурда айдоочусу унааны таштап тааланы карай качып жөнөгөн. Бирок көп узабай кармалган. Учурда айдоочу Токтогул РИИБине жеткирилди", - деп жазылат маалыматта. 

 

 

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости