www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономика министрлиги бардык категориядагы автотранспорт каражаттары үчүн милдеттүү техникалык кароону этап-этабы менен киргизүү жөнүндө министрлер кабинетинин тескемесинин долбоорун коомдук талкууга койду.

Документте айтылгандай, бардык транспорт каражаттары үчүн милдеттүү техникалык кароону киргизүү Бишкек жана Ош шаарларында гана эмес, экологиялык абалды жакшыртуу үчүн шарттарды түзөт жана автотранспорттон булгоочу заттардын чыгарылышын азайтууга көмөк көрсөтөт, анткени республикада автомототранспорттун негизги паркын чыгарылган жылы 15 жылдан ашык болгон транспорттор түзөт.

Техникалык кароону киргизүү жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга да көмөк көрсөтөт.

Учурда жер үстүндө жүрүүчү төмөнкү транспорт каражаттары техникалык кароодон өтүүгө жатат:

1) ташуу боюнча ишкердик иште пайдаланылуучу:

- жүргүнчүлөрдү (анын ичинде жеңил автомашиналар (таксилер);

- жүктөрдү;

- коркунучтуу жүктөрдү;

2) атайын жана адистештирилген транспорт каражаттары (медициналык тез жардам автомобилдери, өрт өчүрүүчү автомобилдер, автокрандар, карагай ташуучу автомобилдер, өзү төгүүчү автомобилдер, цемент ташуучу автомобилдер, автоэвакуаторлор, өлчөмү узун жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттары, айыл чарба жана токой чарба тракторлору, өзү жүрүүчү атайын технологиялык машиналар (АТМ) жана түшкөн акчаны жана баалуу жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттары).

Жер үстүндө жүрүүчү башка бардык транспорт каражаттары ыктыярдуу тартипте техникалык кароодон өтөт.

Ички иштер министрлигинин “Унаа” мамлекеттик мекемесинин маалыматы боюнча, 2024-жылдын 1-февралына карата катталган транспорт каражаттарынын жалпы саны 1 600 691 бирдикти түзөт. Алардын ичинен катталган:

Жеке жактарга – 1 514 583 бирдик;

2. Юридикалык жактарга – 86 108 бирдик.

 

Пайдалануу мөөнөтү менен:

 

1. 5 жылга чейин –25 880 бирдик;

2. 5 жылдан 10 жылга чейин – 89 277 бирдик;

3. 10 жаштан 15 жашка чейин – 97 855 бирдик;

4. 15 жылдан жогору – 1 387 679 бирдик.

Демек, бардыгы болуп 1600691 транспорт каражаты катталган, алардын ичинен 15 жылдан ашык пайдалануу мөөнөтү бар транспорт каражаттары 1387679 бирдик, б.а. жалпы санынын 86,6% ын түзөт.

5 жыл жана андан жогору транспорт каражаттары 1574811 бирдикти түзөт, алар техникалык кароодон өтүүгө тийиш.

Бардык транспорт каражаттары үчүн милдеттүү техникалык кароо киргизилген учурда болжол менен 1574811 транспорт каражаты мамлекеттик жөнгө салуунун бул түрүнө туура келет, болжол менен 20% ар кандай себептер боюнча техникалык кароодон өтпөйт (маалыматтар базасында катталган, бирок техникалык себептер боюнча пайдаланылбайт ж.б.), бул болжол менен 314962 бирдикти түзөт.

Анда 1574811 - 314962 = 1259849 бирдик калат, алар милдеттүү техникалык кароодон өтүүнүн талаптарына туура келет.

Ошентип, 2027-жылга чейин бардык категориядагы автотранспорт каражаттары үчүн милдеттүү техникалык кароону этап-этабы менен киргизүү боюнча жол картасын бекитүү пландалууда.

Последние новости