www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Венесуэладагы шайлоо 28-июлда өтүп, анда учурдагы президент жеңип чыккан.

АКШ дүйнө коомчулугун Венесуэладагы президенттик шайлоонун жеңүүчүсү катары оппозициянын башчысы Эдмундо Гонсалести таанууга чакырууда. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Брайан Николс билдиргенин РИА Новости жазды.

"Николас Мадуро жана анын өкүлдөрү Эдмундо Гонсалести 28-июлдагы президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп таанууга тийиш. Талашсыз далилдерди эске алуу менен дүйнө коомчулугу да Эдмундо Гонсалестин шайлоодо жеңип чыкканын моюнга алышы керек", — деди Николс Америка мамлекеттеринин уюмунун жолугушуусунда.

Ошол эле учурда аталган уюм Венесуэладагы шайлоонун айланасындагы кырдаал боюнча резолюцияны кабыл алган жок. Маалыматка ылайык, алар бир маселе боюнча бирдиктүү пикирге келе албай коюшкан.

Венесуэлада президенттик шайлоо 28-июлда болду. Анда шайлоочулардын 51 пайыз добушун алып, учурдагы президент Николас Мадуро жеңүүчү деп табылган. Эртеси күнү өлкө боюнча нааразылык акциялары башталып, милиция менен элдин кагылышуусунан 77 тартип сакчы жабыркаган. Ошондой эле миңден ашык адам кармалганы кабарланды. Венесуэла бийлиги шайлоого бир катар өлкөлөр кийлигишип жатканын жар салды.

Москва оппозиция шайлоонун жыйынтыгын таанышы керектигин билдирип, үчүнчү өлкөлөргө Венесуэланын ичиндеги абалды чыңалтуудан карманууга чакырды.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости