www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен Улуттар Уюмундагы Ирандын миссиясы Тегеран Ханиянын өлүмү үчүн атайын операция менен жооп берерин билдирген.

Ирандын руханий лидери Али Хаменеи ХАМАСтын башчыларынын бири Исмаил Ханияны Тегеранда өлтүргөнү үчүн жооп кылып Израилге түз чабуул жасоого буйрук берди. Бул туурасында РИА Новости The New York Times басылмасына шилтеме кылып кабарлады.

"Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи Иранга Ханиянын Тегерандагы өлүмү үчүн жооп иретинде Израилге түз сокку урууну буюрду",— деп айтылган анда.

Эске салсак, 2024-жылдын 31-июлуна караган түнү Палестинадагы ХАМАС кыймылынын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханияны Тегеран шаарында ракета менен атып, жок кылышкан. Бул мамлекетке ал Ирандын жаңы президентинин инаугурациясына катышуу үчүн келген эле. Тегеран бийлиги чабуул Ханиянын Ирандагы резиденциясына жасалгандыгын, аны менен кошо бир жан сакчысы каза тапканын билдирген. ХАМАС анын өлүмүнө Израиль менен АКШ жоопкер экенин айтып, бул кадам жоопсуз калбай тургандыгын эскертишкен.

Бириккен Улуттар Уюмундагы Ирандын миссиясы да Тегеран Ханиянын өлүмү үчүн атайын операция менен жооп берерин билдирген. Иран ТИМи чабуулдун жоопкерчилигин Израилге артып, бул кадамга АКШнын катыштыгы бардыгын айткан. Хаменеи Израиль Иранга конок катары келген Ханияны жок кылып, "катаал жазага өздөрү кириптер болуп алышканын" белгилеген.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости