www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төрайым иштеш үчүн келгендер орус тилин жана Россиянын мыйзамдарын билиши керектигин айткан.

РФтин Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко КМШ өлкөлөрүн Россияга келчү мигранттарын ишке даярдап жиберген курстарды уюштурууга чакырды.

Ал Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналынын кабарчысынын суроолоруна жооп берген. Төмөндө андагы маанилүү учурларды окурмандарга сунуштайбыз:

төрайым миграция жөнгө салынган процесс болушу керектигин, ашыкча эмоцияга алдыргандык жана радикализм зыянын тийгизерин белгилеген;

миграция мегаполистерде эле басымдуулук кылбай, жумушчу күчтү зарылдыгы бар, жетпей жаткан аймактарга, тармактарга багытоо зарыл;

иш чачкын болбошу керек. КМШнын жумушчу күч көп болгон өлкөлөрү Россияга барып иштей турган мигранттарды атайын курстардан окутуп, үйрөтүүсү зарыл. Алар орус тилин жана Россия мыйзамдарын жакшы билиши лаазым.

миграция мыйзамсыз болбошу шарт. Мында коррупция аралашып кетет. Андай нерсени оор кылмышка теңеш керек.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости