www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Атада машина-трактордук станция ачылды

Бүгүн Ысык-Ата районундагы Интернациональная айылында машина-трактордук станция ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага министрдин биринчи орун басары Кубат Касейинов, Ысык-Ата районунун жана “Айыл банк” ААКнын өкүлдөрү катышты.

Учурда МТСтин карамагында 24 айыл чарба техникасы бар. 3 трактор, 4 комбайн, жана 17 айыл чарба техникалары бар. Алар Чүй облусунун бардык райондорунда дан эгиндерин, жүгөрү, кант кызылчасын жана тоют өсүмдүктөрүн айдап-себүү, жыйноого катышып келүүдө.

Аталган МТС мамлекеттин колдоосу аркылуу лизинг долбоорлору менен айыл чарба техникаларын жеңилдетилген шарттарда машина-трактордук паркын толуктап жатат.

Белгилей кетсек, "Агроөнөр жай комплексин насыялоо" долбоору башталгандан бери 3 млрд 326 млн 460 миң сомго 1134 айыл чарба техникасы "Айыл Банк” аркылуу дыйкан-фермерлерге берилген.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости