www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Ата районунда айдоочу артка кетип, эки жашар баласын сүзүп кетти. Бул тууралуу ЖМКларга Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 14-августунда райондун ички иштер бөлүмүнө айылдардын бириндеги кырсык тууралуу билдирүү түшкөн.
Белгилүү болгондой, 1992-жылы туулган К.И., өзүнүн жеке “Форд Транзит” автоунаасы менен үйүнүн короосунан чыгып бара жатып, 2018-жылы туулган уулу К.А.ны сүзүп кеткен. Бала алган жаракатынан улам ошол жерде көз жумган. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Кылмыш - жаза кодексинин “Жол кыймылынын коопсуздугужана транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу” беренеси боюнча катталган. Соттук-автотехникалык жана соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы боюнча кылмыш курамынын жоктугу үчүн сотко чейинки өндүрүштү токтотуу чечими кабыл алынды.
Булак: NazarNews.kg