www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каракол шаарына Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 30 тонна ун келген. Аны жергиликтүү бийлик муктаж адамдарга таратып берген.
Бирок ундун сапатына нааразы болгон аял унду пайдалануудан баш тартып, социалдык тармакка билдирүү калтырып, видеосун жарыялаган.
Видеодо "Бир нече күн мурда Каракол шаарындагы социалдык коргоо кызматы ун алып келип, бизди сүрөткө тартып кетишкен. Биз кубанып калганбыз. Унду ачып, пайдаланалы дегенбиз. Ун биринчи сорттогу болчу, бирок экинчи сорттогудай көрүнөт. Ичи кир, көгөргөн бөлүктөрү бар экен. Элек менен тазаласак да жардам берген жок. Унду алып кетип, өзүңөр жегиле", - деген нааразы болгон аял.


Бул тууралуу NazarNewsка Каракол шаардык мэриясы билдиргендей, жогоруда аталган окуялар боюнча тиешелүү адистер териштирүү ишин жүргүзүшөт.
«Биз өндүрүүчү менен сүйлөштүк. Учурда өндүрүүчү башка ун алып келе жатат. Алмаштырылып берилет», - деп билдиришти мэриядан.
Ошондой эле алар башка тургундардан арыздануу түшпөгөнүн кошумчалашты.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости