www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ири суммадагы алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 23-декабрь күнү 1991-жылы туулган Ош шаарынын тургуну Р.Л. аттуу жаран ак түстөгү BMW J30 үлгүсүндөгү автоунаасын 31 700 АКШ долларга ээсинен баалап алып, акчасын 2025-жылдын 30-декабрында төлөп берерин айтып убада кылган. Бирок, унааны алып кеткенден кийин аны башка жаранга сатып жиберип, түшкөн каражатты жеке кызыкчылыктарына жумшап жиберген.

Натыйжада жабырлануучу машинанын ээси 31 700 АКШ доллары өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) белгилери менен менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Ош шаарынын тургуну Р.Л. кармалып, Ош шаардык сотунун чечими менен 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Тергөө амалдары улантылууда.

 

Последние новости