www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Унжу-Булактагы абал: Тажик тараптын билдирүүсү

Тажикстандын УКМКсы кыргыз-тажик чек арасындагы - Ош облусунун Чоң-Алай районундагы абал боюнча маалымат таратты.

Андагы расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын ишинин жыйынтыгы менен жалпы 986,7 км аралыктын 519,9 км белгиленген. Бул жердеги такталбаган аймактардын бири - Шатты ашуусу.

Тараптар бул аймакта тилкелерди аныктоо иштерин улантууну, өзүнүн сунуштарын берүүнү макулдашкан. Өкмөттөр аралык комиссиянын макулдашуусунун алкагында чек ара чектери белгиленген. Буга байланыштуу кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы макулдашылган тилке боюнча Такжистандын УКМКсынын чек арачылары күзөтүп жатат.

Тактап айтканда, протоколдук макулдашууга ылайык, чек арачыларды жайгаштыруу макулдашылган аймакта жүрүп жатат. Башка тарабынан, Карамык ашуусунун аймагында Кыргыз Республикасынын чек ара посту орнотулган.

Бул аймакта делимитация иштерин тездетүү максатында тараптардын топографиялык жумушчу тобуна ишти улантууну тапшыруу сунушталды.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал чыңалган бойдон турганын бүгүн, 4-июнда эртең менен Кыргызстандын УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

«Тажик тарап кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык делегациянын буга чейин жүргүзгөн келишимдерин бузуп, 4-июнда саат 03:00 чамасында Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагындагы такталбаган чек ара аймагында контейнерлерди орното баштаган», - деп айтылат расмий маалыматта.

Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, тажик тараптан автомобилдер жана жеңил брондолгон техникаларда аскер кызматкерлери чогулуп жатканы байкалууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости