www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ура! Кыргызстан экинчи алтын алды

Кыз-келиндер арасында 10 миң метрге чуркоодо жеңүүчү болгон Дарья Маслова.

Кыргызстандык жеңил атлетчи Дарья Маслова ушул күндөрү Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында 10 он миң метрге чуркоодо алтын медал тагынды.

Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак жарыш бүгүн, 25-августта өттү. 10 миң метр аралыкты Маслова 32:07.23 убакытта чуркап өткөн. 2-орунду бахрейндик жөө күлүк Сумма Еунисе (32:11.12), 3-орунду Кытайдын өкүлү Жанг Дешун (32:12.78) алды.

Алдыда Маслова 28-августта дагы 5000 метрге жарышка чыгат. 
Дарья Маслова 23 жашта. Былтыр 2017-жылы Азия чемпионатында 5000, 10000 метрге чуркап, эки алтын медал тагынган.

Ушуну менен Азия оюндарындагы Кыргызстандын эсебине 11 байге жазылды.

Буга чейин Кыргызстандын спортчулары бир алтын, төрт күмүш жана беш коло байге алышкан. Медал алган өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан 17-орундан 15-орунга көтөрүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости