www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги Уран Рыскулов менен  кыргыз саясатында орун алган жагдайлар боюнча пикир алыштык.

-Уран мырза коомчулукту чочулаткан чукул конституциялык реформа эмнеге алып келиши ыктымал? Анын пайдасынан зыяны көп болуп калышы мүмкүнбү?

-Негизи конституциялык реформа чукул кабыл алынбашы керек. Түзүлгөн кырдаалга шылтоолошуп, убакыт тар деген аргументтерди бетке кармап, кабыл алынган мыйзамдар сөзсүз түрдө бир топтун кызыкчылыгын гана көздөп калат. Тагыраагы, жалпы коомдун ой пикири менен эсептешпеген иш чара болуп калат. Бүгүнкү кырдаал 2010-жылкы референдумдун кайталанышы болуп калды. Ошол референдумдагы кабыл алынган конституциялык өзгөрүүлөр тынчтык мезгил болгондо өтмөк эмес. Ошол өзгөрүүлөрдү референдумда кынтыксыз алып өтүш үчүн Ош коогалаңын  ойлоп чыгарышкан. Анткени ийгилик тынчтыкты жакшы көрөт деген жакшы сөз бар.

-Бирок, Садыр Жапаров “Баш мыйзам эл каалагандай кабыл алынат”- деди го?

-Ал эл деген түшүнүктү кандай кабыл алат. Бизде бир аз топтор ар дайым элдин атынан сүйлөгөндү адат кылып алышкан. Аларга элдин атынан сүйлөгөндөй эч ким укук берген эмес. Элдин атынан ар дайым куу, митайым адамдар сүйлөп келишкен. Акылман, кеменгер кишилер андай адаттан алыс болушуп, өз аттарынан гана сүйлөшкөн. Азыркы темп менен эл каалаган мыйзамдар кабыл алынбайт. Ачыктык, айкындык жок. Анан мыйзамды, конституцияны кимдер жазат деген да маселе бар. Кыскасы, баары бүдөмүк.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости