www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги жарандык активист Уран Рыскулов менен Таалатбек Масадыковдун парламенттик шайлоого байкот жарылоо маселесин көтөргөнү боюнча баарлаштык.

-Уран мырза, Таалатбек Масадыков парламенттик шайлоого байкот жарыялоо маселесин көтөрүп жатат. Шайлоо болбой калышы мүмкүнбү?

-Масадыков өз ыктыяры менен мындай чоң маселени көтөрүп чыга албайт. Ал биз Россиянын көзөмөлүнөн чыга албасыбызды жакшы түшүнөт. Ошон үчүн көтөрүп жатат. Анын бул аракетинен орустар шайлоону болтурбаганга аракет кылып жатышканын түшүнүшүбүз керек.

-Эгер Таалатбек Масадыковдун артында орустар турат десек, алар неге Кыргызстанда парламенттик шайлоонун өтүшүнө каршы болушмак эле?

-Шайлоолор ар дайым алардын көзөмөлү менен өткөн. Бул жолу пандемия, экономикалык кризис элди ойготушу мүмкүн. Орустар Кантка 200 жакын политтехнологдорун алып келишкен. Алар күнү-түнү жанталашып ар кандай коомдук, саясий этникалык топтор менен жолугушуларды өткөрүп жатышат. Анын жыйынтыгы менен шайлоону өткөрүү же өткөрбөө чечимин кабыл алышат. Алар ортого чоң байлыктар коюлганын түшүнөт. Ошон үчүн эл каалаган эмес, алар каалагандай парламент түзүүгө ашыгышат. Анткени, парламенттен улам  улам Кумтөр маселесин көтөрө берип, бир эле Садыр Жапаров алардын айлаларын кетирген. Эми кокус парламентке эки үч Садыр Жапаров келип калбасын деп орустар катуу аракет кылышат. Ага жол бербестин айласын жасашат.

-Айтканыңызга ынаналы, бирок шайлоонун өтүшүнө кызыкдарлар да бар да...

-Дүйнөнү доллардын ээлери башкарат. Алар Россияны дагы башкарышат. Ошон үчүн бүгүнкү күнү дагы орустар улам бир жерден орус бийлигинин отставкасын талап кылып чыгып жатышат. Дүйнөнү башкаргандар бизди дагы башкарарын ынтымактуу чечип алышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости