www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews маалымат агенттиги Уран Рыскулов менен коомчулуктун көңүл борборундагы айрым маселелер боюнча пикир алыштык.
-Уран мырза, Дастан Жумабековго добуш сатып алуу боюнча кылмыш иши козголду. Жокко чыккан шайлоо үчүн жазалоо аракети туурабы же мыйзамды жалгыз Жумабеков буздубу?
-Бул шайлоо мурдагы шайлоолордон бир өзгөчөлүгү менен айырмаланды. Мурунку шайлоолордо шайлоочуларды бир бирден сатып алышкан болсо бул шайлоодо добуштарды айыл айылы менен дүңүнөн сатып алып жатышты жоопкерчиликтен коркушпай. Ошондой эле бизди ким жазалай алат дегенсишип көчөлөргө таш төгүшүп, футбол аянтчаларын курушуп жатышты. Жоопко биринчи орунга чыгышкан "Биримдик" партиясына окшогон үлкөн партиялар тартылыш керек болуучу. Жалгыз Дастан Жумабековго кылмыш иши козголушу мыйзамдын баарына тең иштебей жатканын тастыктайт
-Айтмакчы, Путин “шайлоо сайын төңкөрүш болгону Кыргызстандын, кыргыз элинин шору” деди. Ал бул сөз менен эмнени айткысы келди?
-Биздеги болуп жаткан баардык революцияларга сырткы күчтөр аралашып келишкен. Бул жолкусунда да орус атайын кызматтары катуу иштешти. Путин билмексен болуп, абал опурталдуу деген ойду айтып жатат.
-Баса, Сергей Лавровдун Руслан Казакбаевди “үй ээсин сыйла” дегени бизди тоготпогонубу же теңине албаганыбы?
-Сергей Лавров дүйнөлүк масштабдагы дипломат. Ал билет дипломатиялык этикада башка өлкөлөрдүн элчилерине антип сүйлөбөш керек экенин билет. Бирок, биздин аларга көз каранды экенибизди билип, жанагындай ыдык көрсөтүп, тоготпогондой мамиле жасап, чоң сүйлөп жатат.
Булак: NazarNews.kg