www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Парламенттеги социалдык маселелер боюнча комитет КСПДнын депутаты Дастан Бекешов демилгелеген Жарандык кодекске өзгөртүүлөрдү кийирүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды.
Эми мындан ары социалдык түйүндөрдөгү жарандардын пикирине чек коюлат. Мыйзамда ММКлардагы жана соцтүйүндөрдөгү адамдардын кадыр-баркына, беделине шек келтирген маалыматтарды алдын алуу жана аны төгүндөөнү эрежелештирүү деп түшүндүрөт. Аталган мыйзам долбоору комитеттин колдоосун таап, ЖКнын жыйынында каралат.
-Ушул кыргызстандык депутаттардын мээси өз ордундабы? Кыйраткан иши жок. Ушуларды же кудай албады? Элдин көйгөйүн алып чыкпай өздөрүнүн жолун тазалайт шүмшүктөр. Жоголуп эле кетишсе жакшы болот эле. Эмне иш кылып берди ушул депуттарың? Компенсациянын көлөмүн 20 миң сом деп айтыптыр, ары жоктор десе, ушулар жөнүндө мага экинчи суроо бербеңизчи? –деди активист Урмат Акунов.
Булак: NazarNews.kg