www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда кыргыз элине президент эмес - Датка керек болуп турат. Бул президент деген келип, кайра кете турган кызмат экен. Датка болсо кылым карытып тарыхта кала турган из экендиги далил. Кыргыз эли жоголуп же Кокон хандыгына кошулуп кете турган маалда, Алымбек Датка кыргызды - кыргыз кылып, кыргыз элин – жерин өзүнчө улут кылып бөлүп, кыргыз элине ушул күнгө чейин даңгыр жол ачкан. Тилекке каршы, бүгүн кыргыз эли жоголуп кетчү улуттун катарына кирип турган маалда бизге Датка керек болуп турат. Бул Датка Кыргызстанда Алай элинен гана чыккан. Моюнга алыш керек, башка дубандан ушул күнгө чейин тарыхта изи калган бир дагы Датка чыккан эмес. Бүгүнкү күндө башынан баардык жакшы жаман, ак караны талдап билген Алайдын уулу, Алайдын кулуну Ахматбек Келдибековду Датка десек болот. Ошондо Алайдан чыккан тарыхта Алымбек Датка болсо, учурда ошол Алымбек Датка – Ахматбек Келдибеков.

Буга далил катары тарыхка артка карап кылчайсак 2010-жылы Ош коогалаңы болгондо УӨ Түштүктө болгон чууну баса албай, тыя албай ар тарапка кайрылып турганда Алайдан чыккан Ахматбек Келдибеков ошондой эле, эр жүрөк Камчыбек Ташиев экөө Түштүктө элин бириктирип, “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып”, өзбек-кыргыз кагылышын токтотуп элди ынтымакка чакырып келген.

Дагы сарасеп сала турган болсок, “Ата-Журт” партиясына 2010-жылы Убактылуу Өкмөт болгон саясый партиялар каршы турса дагы элдин колдоосуна татып, “Ата-Журт” партиясын жеңишке алып келген. Өткөн съездинде, чогулуштарында ошол эле каршы чыгып жүргөн өнөктөштөрү бирдиктүү экенин жана колдоорун билдирип турушу бул - Ахматбек Келдибековдун кадыр-баркы эл арасында жогорулагандыгын далилдеп турат.

Так ушул тапта бул кишини каралоо күч алып жатат. Мен бул нерсеге катардагы көрүнүш деп айта алам. “Черный пиар, тоже пиар” деген элек кеп. Ошол эле убакытта илим изилдеп “профессормун” дегендердин көпчүлүгү акча менен илимий ишин аяктагандын элдин баары билет. Ошондуктан биздин көпчүлүк илимпоздордун илимий иштеринин пайдасы жок кагазда гана катылып калып атпайбы?

Айткылачы, Аскар Акаевден башка Кыргызстандан чыккан "менмин" деген кайсыл илимпоздор бар? Болсо болгондур, бирок ушул тапта Кыргызстандыгы көпчүлүк илимпоздордун жазганы кагаздын бетине калып калкка пайдасы тийген деле жок. Жазганы ката, кылганы ката, жемкор деп атышат. Керек болсо Кыргызстанда “мен тазамын, таптазамын” деген аткаминерлердин саны араң 5ке жетет. Эгерде айтылган сөздөрдү чын деп далилдешсе акчаны алган киши “мен алганмын” деп айтып чыгышы керек. Болбосо коомчулук баардыгы алган бүгүнкү күндө "мен чыгаанмын, мен академикмин" дегендердин баарын акча менен алгандай элес калтырып, коомдо илимдин кадыр-баркын түшүрүү жагдайга жетип калдык. Кандай болгон күндө дагы жазылган кандиттар көп боло берсин коомчулукка пайдасы тийип, элибиз өнүгүп-өсүүгө жетсин деп тилейли.

Ахматбек Келдибековду канча караласа дагы эл уулу, эл менен кала бере тургандыгын келечектеги тарых тастыктайт. Келдибековдун фамилиясын элге кылган кызматын эч ким сызып сала албайт. Келдибеков катышпаган аш-той, улак-тартыш, маараке болгон жерлерде бул кишисиз көркү чыкпайт жана төрдүн көркү болуп келе берет. Ал эми катардагы каралоо, көрөалбастык бул турмуштагы болуп келе жаткан көрүнүш, илимдин туу чокусунуда турган Аскар Акаевге деле жумуртка атып жатпайбы.

Ал эми Келдибековдун жанында жүрүп калбадымбы, улуу-кичүүгө, бай менен кедейге бирдей мамиле куруп, дос менен душманга сабыр тилеген киши. Кыргызда кеп бар: Аттан аттын неси артык, ашыра баскан изи артык, эрден эрдин неси артык, элине кылган иши артык. Андыктан так ушул киши ЖКде спикер болуп жүргөндө кабыл алган мыйзамдары менен жашап жатканыбыз чындык.

Урмат Акунов, “Теңир тоо” ынтымак коомунун жаштар төрагасы.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости